إعدادات العرض
"Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" -…
"Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" - деди
Абдуллах бин Хубайб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Катуу жамгыр жаап, көзгө сайса көрүнгүс караңгы болгон түнү чогуу намаз окуу үчүн Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп бардык. Анан аны таптым. Ал: "Оку" - деди. Мен эч нерсени окубадым. Ал дагы: "Оку" - деди. Мен дагы эле эч нерсе дебедим. Ал: "Оку" - деди. Эмнени окуюн - дедим. Ал: "Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" - деди.
[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Hausa Kurdî Português සිංහල Svenska ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá ئۇيغۇرچە Tiếng Việt Kiswahili پښتو অসমীয়া دری or Malagasy नेपाली Čeština Oromoo Română Nederlands Soomaali తెలుగు ไทย മലയാളം Српски Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Lietuvių Wolof ქართული Magyar Moore Українськаالشرح
Улуу сахаба Абдуллах бин Хубайб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: алар жамгырлуу, караңгы түндө аны менен бирге намаз окуу үчүн пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп барышат да, аны табышат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Айт" б.а. оку - дейт. Ал эч нерсени окубайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөзүн кайталайт. Абдуллах: О, Аллахтын элчиси, эмнени окуйун? - дейт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Ихлас сүрөсүн (кул хуваллааху ахад), сактоочу эки сүрө (Кул ауузу бироббил фалак), (Кул ауузу бироббин наас) сүрөлөрүн эртең менен жана кечинде үч жолудан окусаң, бардык жамандыктан сактап, жаман иштен коргойт - дейт.فوائد الحديث
Ихлас жана эки коргоочу сүрөнү эртең менен жана кечинде окуу жакшы, анткени бардык жамандыктан калканч болот.
Ихлас жана эки коргоочу сүрөнү окуу артыкчылыктуу иштерден.