"Аллахтан башка кудай жок. Ал - жалгыз. Анын шериги да жок. Аллах - эң Улук. Аллахка көп мактоолор болсун. Бардык ааламдардын Раббиси - Аллахты аруулайм. Өзгөрүү да…

"Аллахтан башка кудай жок. Ал - жалгыз. Анын шериги да жок. Аллах - эң Улук. Аллахка көп мактоолор болсун. Бардык ааламдардын Раббиси - Аллахты аруулайм. Өзгөрүү да күч-кубат да Даанышман жана Кудуреттүү Аллахтан" деп айткын деди. Анда ал:

Саъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисине чөлдө жашаганмбир араб келип: "Мага ар дайым айтып жүрчү сөздү үйрөтчү" деди эле, ал: "Аллахтан башка кудай жок. Ал - жалгыз. Анын шериги да жок. Аллах - эң Улук. Аллахка көп мактоолор болсун. Бардык ааламдардын Раббиси - Аллахты аруулайм. Өзгөрүү да күч-кубат да Даанышман жана Кудуреттүү Аллахтан" деп айткын деди. Анда ал: "Булар Раббим үчүн арналган дуба экен, өзүм үчүн эмне деп айтайын" деди. Ал: "О, Аллах. Мени кечир! Мага ырайым кыл, туура жолго башта жана мага ырыскы бер" деп айткын деди"

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Чөлдү жердеген адамдардан бирөөсу келип, Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) такай айтып жүрө турган зикирди үйрөтүүсүн суранат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага минтет: "Аллахтан башка кудай жок. Ал - жалгыз. Анын шериги да жок". Ушинтип тавхид күбөлүгу менен баштайт. Бул Аллахтан башка ибадатка ылайык эч кандай кудай жок деген маани. "Аллах - эң Улук". Б.а. Аллах бардык нерседен улук жана чоң. "Аллахка көп алкыш-мактоолор болсун" Б.а. Аллахтын сыпатына, иштерине жана санак жеткис жакшылыктарына көп мактоо-шүгүрлор болсун. "Бардык ааламдардын Раббиси - Аллах бардык кемчиликтерден Аруу-Таза". Б.а. айып-кемчиликтерден таза, аруу. "Өзгөрүү да күч-кубат да Даанышман жана Кудуреттүү Аллахтан" Б.а. Ар кандай абалдан башка бир абалга өзгөрүү Аллахтын жардамы жана топугу менен гана болот. Тиги киши: Бул сөздөр Раббимди зикир кылып, улуктай турган сөздөр экен, мен өзүмө эмне деп дуба кылайын? - дейт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: минтип айт - деди: "О, Аллах! Мени кечир" Күнөөлөрдү өчүрүү жана жашыруу менен "Мени ырайым кыл" Менин диниме жана дүнүйөмө пайдалуу иштерге жеткирүү менен "Мени туура жолго башта" Түз, туура жолго жана эң жакшы абалдарга "Мага ырыскы бер" Адал мал-мүлк, ден-соолук, ж.б. бардык жакшылыктарды

فوائد الحديث

Аллахка тахлил, такбир, тахмид, тасбих айтууга үндөйт.

Дуба кылуудан мурда, Аллахты зикир кылуу жана алкыш-мактоо айтуу жакшы.

Жакшы дуба кылуу, дүйнө жана акырет жакшылыктарын суроону камтыган пайгамбардан келген дубаларды, ошондой эле өзү каалаган нерсени суранып дуба кылуу жакшы.

Пендеге өзүнүн дүйнө жана акыретине пайдалуу нерселерди үйрөнүүсү зарыл.

Бут жакшылыктын жыйындысы болгон кечирим, ырайым, ырыскы суроого үндөйт.

Пайгамбардын (ага Алахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө аларга пайдалуу нерсени үйрөтүүсү, анын мээримдүүлүгүн көрсөтөт.

Ырайымдын кечиримден кийин айтылуусу тазалыктын толук болуусу үчүн, б.а. кечирим күнөөлөрдү жашыруу, өчүрүү, тозоктон алыстатуу, ал эми ырайым болсо, жакшылыкка жетип бейишке кирүү, мына ушул чоң утуш.

التصنيفات

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) зикир кылууда көрсөткөн жолу, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) зикир кылууда көрсөткөн жолу, Таасирдүү дубалар, Таасирдүү дубалар