Айша, радыяллаху анха, айтат: Мен: "Оо, Аллахтын Элчиси, Ибн Жудаан Исламга чейинки доордо тууганчылык байланыштарды бекемдеп, кедей-кембагалдарды тоюндурчу, бул ага пайдасын береби?" - деп сурадым. Ал айтты: «Бул ага эч кандай пайда алып келбейт, анткени ал эч качан: «Раббим, Кыямат күнү менин күнөөмдү кечир» - деп айткан эмес».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Исламга чейин Курайштын башчыларынын бири болгон Абдулла ибн Жудаан тууралуу кабар берди. Анын жакшы иштеринин ичинен жакындарына туугандык мамиле кылуусу, аларга жакшылык кылуусу, кедей-кембагалдарды тоюндуруусу жана Ислам дини үндөгөн башка жакшы иштерди кылуусу. Бирок бул иштер ага Акыретте пайда бербейт. Анткени ал Аллахка каапыр болгондугу үчүн жана эч качан: «Раббим, кыямат күнү менин күнөөмдү кечир» деп айтпагандыгы үчүн анын жакшы иштери ага пайда бербейт.

فوائد الحديث

Ыймандын пазилеттүүлүгү жана анын амалдардын кабыл болуусуна шарт экендиги баяндалды.

Каапырлыктын коркунучтуулугу жана ал салих амалдардын текке кетүүсүнө себеп экендиги айтылды.

Каапырлар Аллахка жана Акырет күнүнө ишенбегендиктен, алар кылган амалдарынан акыретте пайда табышпайт.

Эгерде каапыр адам Исламга кирсе, анда анын Исламга чейинки жакшы амалдары үчүн сооп-сыйлык алат жана ал жакшылык иштери жазылып калат.

التصنيفات

Ислам, Каапырлык