?Чындыгында, кийим эскирген сыяктуу эле силердин жүрөгүңөрдөгү ыйманыңар да эскирет. Андыктан Аллахтан жүрөгүңөрдөгү ыйманды жаңыртуусун сурангыла

?Чындыгында, кийим эскирген сыяктуу эле силердин жүрөгүңөрдөгү ыйманыңар да эскирет. Андыктан Аллахтан жүрөгүңөрдөгү ыйманды жаңыртуусун сурангыла

Абдулла бин Амр бин Аль-Аас, радыяллаху анхума, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты: «Чындыгында, кийим эскирген сыяктуу эле силердин жүрөгүңөрдөгү ыйманыңар да эскирет. Андыктан Аллахтан жүрөгүңөрдөгү ыйманды жаңыртуусун сурангыла».

[Сахих (ишенимдүү)]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жаңы кийим көп кийилип эскирген сыяктуу мусулмандын жүрөгүндөгү ыйманы да эскирип, алсыз болуп калышы туурасында айтты. Бул ыймандын эскирүүсү ибадаттагы кайдыгерликтен, күнөө кылуудан жана азгырыктарга берилип кетүүдөн болот. Мындай учурда Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, парз ибадаттарды аткаруу менен, көп зикир кылуу жана истигфар айтуу менен ыйманыбызды жаңыртуу үчүн Алла Таалага дуба кылууга багыт берди.

فوائد الحديث

Аллахтын дининде бекем болууга жана жүрөктөгү ыйманды жаңылап турууга чакырды.

Ыйман – бул сөз, иш-аракет жана ички ишенимден турат. Ал ибадат кылуу менен көтөрүлүп, күнөө кылуу менен ылдыйлайт.

التصنيفات

Ыймандын көбөйүүсү жана азайышы