?Күн батыштан чыкмайынча, Кыямат болбойт. Качан күн батыштан чыкканда аны адамдар көрүшүп баары ыйман келтиришет. Мына ошол ушул аятта айтылган убакыт: «Эгерде…

?Күн батыштан чыкмайынча, Кыямат болбойт. Качан күн батыштан чыкканда аны адамдар көрүшүп баары ыйман келтиришет. Мына ошол ушул аятта айтылган убакыт: «Эгерде мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен жакшылык таппаса, анда ал кезде анын ыйман келтиргени ага пайда бербейт». (Анаам, 158) Кыямат келгенде эки адам кийимдерин сатууга коюшат, бирок алар аны сата албай калышат жана кайра бүктөп ала алышпайт. Кыямат келгенде бир адам төөнүн сүтүн саап келет, бирок иче албай калат. Кыямат келгенде бир адам суу куйганы чуңкурун жасап чыгат, бирок ага суу толтура албай калат. Кыямат келгенде силерден бирөө тамагын оозуна алып барат, бирок аны жей албай калат

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Күн батыштан чыкмайынча, Кыямат болбойт. Качан күн батыштан чыкканда аны адамдар көрүшүп баары ыйман келтиришет. Мына ошол ушул аятта айтылган убакыт: «Эгерде мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен жакшылык таппаса, анда ал кезде анын ыйман келтиргени ага пайда бербейт». (Анаам, 158) Кыямат келгенде эки адам кийимдерин сатууга коюшат, бирок алар аны сата албай калышат жана кайра бүктөп ала алышпайт. Кыямат келгенде бир адам төөнүн сүтүн саап келет, бирок иче албай калат. Кыямат келгенде бир адам суу куйганы чуңкурун жасап чыгат, бирок ага суу толтура албай калат. Кыямат келгенде силерден бирөө тамагын оозуна алып барат, бирок аны жей албай калат».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыяматтын эң чоң белгилеринин бири күндүн чыгыштан эмес, батыштан чыгышын жана адамдар аны көргөндө баары ыйман келтирээрин кабар берди. Ошондо каапыр адамга ыйман келтирүүсү пайда бербей калат. Ошондой эле ага салих амалдар жана тообо да пайда бербей калат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыяматтын күтүлбөгөн жерден келерин айтты. Ал тургай Кыямат келгенде адамдар өздөрүнүн күнүмдүк тиричилигик жана жашоо абалдары менен алек болорун айтты. Кыямат келгенде сатуучу менен сатып алуучу кийимдерин ортосуна жайып коюшат, бирок аны сатууга жана кайра жыйнап салууга жетишпей калышат. Жана адам саан төөнүн сүтүн саап келип, бирок аны ичүүгө жетишпей калат. Кыямат келгенде адам суу куйган чуңкурун оңдоп, ага ылай чаптап, бирок ага суу толтурууга жетишпей калат. Кыямат келгенде адам тамагын оозуна алып келет, бирок аны жегенге жетишпей калат.

فوائد الحديث

Күн батыштан чыкканга чейин Ислам динине кирүү жана тообо кылуу амалдары кабыл боло берет. Күн батыштан чыкканда эч бир амал кабыл болбой калат.

Пайгамбарыбыз ыйман менен жана жакшы амалдар менен Кыяматка даярданууга чакырууда. Анткени Кыямат күтүлбөгөн жерден келет.

التصنيفات

Кабыр жашоосу, Аяттардын чечмеленүүсү