Анас бин Малик, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: "Чындыгында, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Сабит бин Кайсты жоктоп, ал жөнүндө сураганда, бир киши: "Оо, Аллахтын Элчиси! Мен сизге анын кабарын билип беремин" - деди. Ошентип ал Сабит бин Кайс үйүндө башын ылдый кылып капаланып олтурганын көрүп: "Абалың кандай?" - деп сурады. Сабит ага: "Жаман нерсе болду" - деп айтты. Анткени Сабит үнүн Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, үнүнөн өйдө көтөрүп сүйлөп койгон эле. Ошондуктан ал өзүн тозок ээлеринен дейт эле. Ошондо ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, кайтып келип, Сабит бин Кайстын абалын айтып берди. Анан ал киши Сабит бин Кайска кийинки жолу чоң кабар менен кайтып барды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ал кишиге: "Ага барып айткын: Сен тозок ээлеринен эмессиң, тескерисинче, бейиш ээлериненсин» - деди".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Сабит бин Кайс, радияллаху анхуну, жоктоп, ал жөнүндө сураганда бир киши: "Мен сизге анын кабарын жана анын келбегендигинин себебин билип беремин" - деди. Ошондо ал Сабит бин Кайстын үйүнө барып, ал үйүндө башын ылдый кылып капаланып олтурганын көрүп: "Абалың кандай?" - деп сурады. Сабит ага жаман нерсе болгонун айтты. Анткени Сабит үнүн Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, үнүнөн өйдө көтөрүп сүйлөп койгон эле. Аллах Таала ким ушундай кылса, анын иш-аракеттери жараксыз болот жана ал тозок ээлеринен болот деп эскерткен болчу! Ошондо ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, кайтып келип, Сабит бин Кайстын абалын айтып берди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага Сабитке кайтып барууну жана ага Тозок элинин арасында эмес тескерисинче, бейиш ээлеринин арасында экенин сүйүнчүлөөнү буйруду. Себеби анын үнү табиятынан бийик болчу. Ошондуктан ал Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, жарчысы жана ансарлардын жарчысы болгон.

فوائد الحديث

Сабит бин Кайстын пазилети жана анын бейиш ээлеринен экени баяндалды.

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сахабаларга көңүл буруп турган жана аларды жоктоп турган.

Сахабалардын, радыяллаху анхум, кичи-пейилдиктери жана алардын амалдары жокко чыгуусунан коркушкан.

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, тирүү кезинде сүйлөгөндө адеп менен сүйлөө жана өлгөндөн кийин сүннөттөрүн укканда үнүн басаңдатуу важиб.

التصنيفات

Сахабалардын артыкчылыктары (аларга Аллах ыраазы болсун), Сахабалардын артыкчылыктары (аларга Аллах ыраазы болсун)