Чындыгында, Усман бин Аффан мечитти кургусу келгенде адамдар муну жактырбай, аны ошол бойдон калтырып койгонун жакшы көрүштү. Ошондо Усман бин Аффан айтты: "Мен…

Чындыгында, Усман бин Аффан мечитти кургусу келгенде адамдар муну жактырбай, аны ошол бойдон калтырып койгонун жакшы көрүштү. Ошондо Усман бин Аффан айтты: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: "Ким Аллах үчүн мечит курса, Аллах ал үчүн бейиште ошол мечиттей курат".*@

Махмуд бин Лабид (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Чындыгында, Усман бин Аффан мечитти кургусу келгенде адамдар муну жактырбай, аны ошол бойдон калтырып койгонун жакшы көрүштү. Ошондо Усман бин Аффан айтты: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: "Ким Аллах үчүн мечит курса, Аллах ал үчүн бейиште ошол мечиттей курат".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Усман бин Аффан (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитин анын биринчи курулушунан да жакшыраак кылып кайра курууну кааласа, адамдар Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) доорундагы мечиттин курулушу өзгөргөнү үчүн муну жактырышпады. Ал мечит ылайдан курулган, анын шыбы пальма дарагынын шактары менен жабылган. Бирок Усман аны таш жана гипс менен тургузгусу келген. Ошондуктан Усман (Аллах андан ыраазы болсун) аларга Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) укканын ушинтип айтты: "Кимде-ким мактаныш үчүн да, атак-даңк үчүн да эмес, Аллах Тааланын ыраазылыгын көздөп мечит курса, Аллах Таала аны жасаган эмгегиндей эң жакшы сыйлык менен сыйлайт. Бул сыйлык – Аллах аны бейиште ага окшош курулуш менен сыйлайт".

فوائد الحديث

Мечиттерди курууга үндөө керек жана анын пазилети чоң.

Мечитти кеңейтүү жана оңдоп-түзөө мечит кургандын пазилетине кайсыл бир деңгээлде ээ боло берет.

Бардык иштерди Аллах Таала үчүн чын ыкластан аткаруунун маанилүүлүгү.

التصنيفات

Мечиттердин өкүмдөрү