Бир киши даарат алып бутун жууганда тырмак ордундай жерине суу тийбей калды эле аны көрүп калган пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кайра…

Бир киши даарат алып бутун жууганда тырмак ордундай жерине суу тийбей калды эле аны көрүп калган пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кайра кайт да, дааратыңды жакшылап ал" - деди. Тиги кайра даарат алып, анан намаз окуду

Жаабир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Мага Умар бин Хаттаб минтип айтты: Бир киши даарат алып бутун жууганда тырмак ордундай жерине суу тийбей калды эле аны көрүп калган пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кайра кайт да, дааратыңды жакшылап ал" - деди. Тиги кайра даарат алып, анан намаз окуду.

[Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Умар (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир адам даарат алып бүткөндө, бутунун тырмактай жерине суу тийбей калганын көрүп, анын суу тийбеген жерин көрсөтүп: барып жакшылап даарат ал, толук кыл, ар бир мүчөңө суу жеткир деп айтат. Тиги киши барып дааратын толук алып келет да, анан намазын окуйт.

فوائد الحديث

Жакшы ишке буйрууга шашылуу, билбеген жана капылеттеги адамга туура ишти көрсөтүү важыб, айрыкча ал кылып жаткан туура эмес иш ибадатын буза турган болсо.

Дааратта жуулусу зарыл болгон дене мүчөлөрдүн баарына суу жеткирүү важыб. Ким кайсы бир мүчөсүнөн бир бөлүгүн суу тийгизбей калтырып койсо, эгер ал кичине болсо да, анын даараты жарактуу болбойт, ага дааратын кайталап алуу лаазым болот.

Дааратты жакшы алуу шарияттын талабы. Жакшы алуу бул шарият буйругандай толук, жеткиликтүү алуу.

Эки бут да дааратта жуула турган мүчөлөрдөн, аларды суулап сүртүп коюу жетишсиз, толук жуу зарыл.

Дааратта жуула турган мүчөлөрдү катары менен жуу керек, тагыраагы, ар бир мүчөнү андан мурда жуулган мүчө кургап калганга чейин жуу зарыл.

Билбестик же унутуп калуу важыбды моюндан сакыт кылбайт. Болгону күнөөнү сакыт кылат. Тиги билбестиктен улам дааратын чала алган кишиден пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ваажыбды, б.а. дааратты сакыт кылбады, аны кайра даарат алууга буйруду.

التصنيفات

Даараттын парздары