"Өзүң айыз деп эсептеген мөөнөтүңчө намазды токтотуп тур да, анан жуунуп (окуй) бер" - деди

"Өзүң айыз деп эсептеген мөөнөтүңчө намазды токтотуп тур да, анан жуунуп (окуй) бер" - деди

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: Абдурахман бин Ауфтун аялы Умму Хабиба бинт Жахш Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каны токтобостугун айтып арызданып келди. Ал ага: "Өзүң айыз деп эсептеген мөөнөтүңчө намазды токтотуп тур да, анан жуунуп (окуй) бер" - деди. Ошондон кийин ал ар бир намазына жуунуп жүргөнүн көрдүм.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Сахаба аялдардын бири пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каны эч токтобостугун айтып арызданат. Аны мындай абалган туш болгонго чейин канча убак айыз көргөн болсо, ошончо убак намаз окубай туруп, андан кийин жуунуп намаз окуй берүүгө буйруйт. Ал болсо ыктыярдуу түрдө ар бир намазын жуунуп анан окуп жүрдү.

فوائد الحديث

Истихаза каны: Аялдын адаттагы айыз күндөрүнөн башка күндөрү да токтобой келип туруучу кан.

Истихаза каны токтобогон аял, мындай абалга туш болгонго чейин айызы канча күн келген болсо ошончо күндү айыз деп эсептейт.

Негизги адатындагы күндөрү өткөн соң, каны токтобосо деле өзүн айыздан таза болдум деп этибар кылып, жуунуп тазаланат.

Истихаза каны келип турган аялга ар бир намаз үчүн жуунуу важыб эмес. Тиги сахаба аялдын ар бир намазга жуунганы анын жеке түшүнүгүнө жараша болгон. Эгер ар бир намазга жуунуу важыб болсо, анда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) муну эскертмек.

Истихаза каны келип турган аял ар бир намазга даарат алуусу зарыл. Анткени, дайыма келип турган кан анын дааратын бузат. Ушул сыяктуу дайыма агып туруучу нерселер, мисалы зааранын дайыма агуусу, желдин токтобой чыгып туруусу ж.б. дааратты бузат.

Дин иштеринде шектүү болгон нерсени аалымдардан суроо зарыл. Сахаба аял пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчытыгы жана мактоосу болсун) арызданып, каны токтобой ага бергенде эмне кылуу керектигин сураган.

التصنيفات

Айыз, нифас жана истихаза кандары