إعدادات العرض
"Анда Рамазан айы келгенде умрага бар. Ал айдагы умра ажыга тете болот" - деди
"Анда Рамазан айы келгенде умрага бар. Ал айдагы умра ажыга тете болот" - деди
Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси ансарлардан бир аялга (Ибн Аббас анын атын айтты эле, мен унутуп калдым): "Эмненин айынан биз менен ажыга барбай калдың?" - деди. Ал: Бизде эки төөбүз бар эле, анын бирин минип күйөөм менен балам ажыга кетти. Экинчисин суу ташып ичкенге пайдаланып жатканбыз" - деди. "Анда Рамазан айы келгенде умрага бар. Ал айдагы умра ажыга тете болот" - деди.
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt ئۇيغۇرچە Hausa Kurdî മലയാളം Kiswahili Português සිංහල دری Svenska አማርኛ অসমীয়া ไทย Yorùbá ગુજરાતી Malagasy नेपाली Oromoo Română Nederlands Soomaali پښتو తెలుగు Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Српски Wolof Moore Lietuvių ქართული Українськаالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коштошуу ажылыгынан келгенден кийин, ансарлардан ажыга барбай калган бир аялга кайрылып: "Биз менен ажыга баруудан сени эмне тосуп калды?" - деп сурайт. Аял аларда эки төөсү болгонун, анын бирин күйөөсү менен баласы минип ажыга кеткенин, экинчисин үйдө калгандарга кудуктан суу ташып ичип туруу үчүн калтырышканын айтып үзүрүн билдирет. Ошондо Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага Рамазан айында умра кылуу ажылык кылгандай сооптуу болорун айтты.فوائد الحديث
Рамазан айындагы умра артыкчылыктуу болот.
Рамазан айында аткарылган умра сообу жагынан ажыга тете болот, бирок ажылыктын милдетин моюндан түшүрбөйт.
Иш-амалдардын сооп-сыйлыгы убакыттын артыкчылыгына карап көбөйөт. Буга Рамазан айындагы иш-амалдар да кирет.
التصنيفات
Ажы жана умранын артыкчылыктары