إعدادات العرض
Силердин бириңер башын имамдан мурда көтөрүп алса, Аллах анын башын эшектин башындай, же анын кейпин эшектин кейпиндей кылып коюусунан коркпойбу
Силердин бириңер башын имамдан мурда көтөрүп алса, Аллах анын башын эшектин башындай, же анын кейпин эшектин кейпиндей кылып коюусунан коркпойбу
Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Силердин бириңер башын имамдан мурда көтөрүп алса, Аллах анын башын эшектин башындай, же анын кейпин эшектин кейпиндей кылып коюусунан коркпойбу".
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt සිංහල ئۇيغۇرچە Hausa Português Kurdî Kiswahili Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá ไทย پښتو অসমীয়া دری or नेपाली Malagasy Kinyarwanda Română తెలుగు Lietuvių Oromoo മലയാളം Nederlands Soomaali Shqip Српски Deutsch Українська ಕನ್ನಡ Wolof Moore ქართული Azərbaycan Magyarالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башын имамдан мурда көтөрүп алган адамга катуу эскертүүнү баян кылган. Аллах анын башын эшектин башындай кылып коюусун, же анын кейпин эшектин кейпиндей кылып коюусун эскерткен.فوائد الحديث
Имамга уюган кишиде төрт абал болот: анын үчөөсүнө тыюу салынган, булар: алдыга озуп кетүү, аны менен бирдей кылуу, өтө кечигип калуу. Шариятка ылайыгы: имамды ээрчип аткаруу.
Намазда уюган адам имамды ээрчүүсү важыб.
Имамдан мурда башын өйдө кылган адамдын сүрөтү эшектин сүрөтүнө айланып калат деген жаман убада боло турган иш, бул кубултуу.