إعدادات العرض
Аллахым, кабыр азабынан, тозок азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн жана масих Дажжалдын фитна-бүлгүнүнөн сактоону Өзүңдөн суранам
Аллахым, кабыр азабынан, тозок азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн жана масих Дажжалдын фитна-бүлгүнүнөн сактоону Өзүңдөн суранам
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дуба кылып, минтип айтаар эле: "Аллахым, кабыр азабынан, тозок азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн жана масих Дажжалдын фитна-бүлгүнүнөн сактоону Өзүңдөн суранам ". Муслимдин риваятында: "Акыркы ташаудду окугандан кийин төрт нерседен сактоону Аллахтан сурангыла: тозоктун азабынан, кабырдын азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн, масих Дажжалдын жамандыгынан" деп келген.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Português Kurdî Kiswahili සිංහල Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Tiếng Việt ไทย پښتو অসমীয়া دری or नेपाली Malagasy Kinyarwanda Română తెలుగు Lietuvių Oromoo മലയാളം Nederlands Soomaali Српски Українська Deutsch ಕನ್ನಡ Wolof Moore Shqip ქართული Azərbaycan Magyarالشرح
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазда акыркы ташахуддан кийин, салам берүүдөн мурда төрт нерседен сактоосун Аллахтан суранат эле жана бизди да ушул нерселерден сактоону Аллахтан суранууга буйруган. Биринчи: Мурзөдөгү азаптан. Экинчи: тозоктогу азаптан, бул кыямат күнүнө тиешелүү. Үчүнчү: тирүүлөрдүн фитна, азгырыгынан, тыюу салынган дүйнөлүк ышкы кумарлардан жана дүйнөнүн адаштыруучу шек-күмөндүү иштеринен. Ошондой өлүм фитнасынан, т.а. өлүм саатынан, ислам же сүннөттөн четтеп (өлүп) кетүүдөн, эки периштенин сурагы сыктуу мүрзөдөгү сыноолордон. Төртүнчү: акыр заманда чыга турган масих Дажжалдын фитна, азгырыгынан. Аллах ал аркылуу пенделерин сынайт. Анын жеке өзүн зикир кылып айтканы, анын фитнасы жана адаштыруусу коркунучтуу болгондугу үчүн.فوائد الحديث
Бул сактануу сөздөрү дубанын эң зарылы жана толугу. Анткени, бул сөздөр дүйнөнүн да, акыреттин да жамандыктарынан сактоону өз ичине камтыйт.
Кабыр азыбынын бардыгына далил, кабыр азабынын болору ак.
Фитнанын коркунучтуулугу, андан кутулуу үчүн Аллах дуба кылуу, Андан жардам тилөө зарыл.
Дажжалдын чыгуусу жана анын фитна-азгырыгынын күчтүүлүгү.
Бул дубаны акыркы ташахуддан кийин айтуу жакшы.
Ийги иш-амалдардын артынан дуба кылуу жакшы.
التصنيفات
Намаздын зикирлери