إعدادات العرض
Бул жетимиш жыл мурда тозокко ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түштү" - деди
Бул жетимиш жыл мурда тозокко ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түштү" - деди
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурганбыз. Кокустан ал бир нерсенин катуу урунган добушун угуп: "Бул эмне экенин билесиңерби?" - деди. Биз: Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - дедик. Ал: "Бул жетимиш жыл мурда тозокко ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түштү" - деди.
[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Kurdî Kiswahili Português සිංහල አማርኛ অসমীয়া Tiếng Việt ગુજરાતી Nederlands پښتو नेपाली Hausa ไทย മലയാളം Română Malagasy Svenska ಕನ್ನಡ Српски తెలుగు ქართულიالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кандайдыр бир зат асмандан келип жерге түшкөндө чыккан үн сыяктуу катуу чыккан үндү угуп, жанындагы сахабалардан бул эмненин үнү экенин сурайт. Алар: Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - дешет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Силер уккан үн мындан жетимиш жыл мурда тозоктун кырынан ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түшкөнүн силер уктуңар деди.فوائد الحديث
Акырет күнүнө ийги иш-амалдарды кылып даярдануу жана тозоктон сактануу зарыл.
Адамдын илими жетпеген нерсени Аллахка калтырганы жакшы.
Айткан сөзү түшүнүктүү болуусу үчүн мугалим угуучулардын көңүлүн, назарын өзүнө буруп алуусу керек.
التصنيفات
Бейиш менен тозоктун сыпаттары