Бир киши Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көз алдында сол колу менен тамак жеди эле, ал: "Оң колуң менен жегин" - деди. Тиги: (Оң колум…

Бир киши Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көз алдында сол колу менен тамак жеди эле, ал: "Оң колуң менен жегин" - деди. Тиги: (Оң колум менен) жей албаймын - деди. "Анда жей албай калгын"

Салама бин ал-Акваъ (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир киши Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көз алдында сол колу менен тамак жеди эле, ал: "Оң колуң менен жегин" - деди. Тиги: (Оң колум менен) жей албаймын - деди. "Анда жей албай калгын" - деди. (Анткени) тиги текеберленип ошенткен болчу. Ошентип ал колун оозуна жеткире көтөрө албай калды.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сол колу менен жеп жаткан адамды көрүп, аны оң колу менен жегенге буйруду. Тиги киши текебердик менен оң колу менен жей албастыгын айтып жалган сүйлөйт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага оң колу менен тамак жей албай калуусун тилеп дуба кылат. Аллах Таала пайгамбарынын дубасын кабыл кылып, тиги кишинин оң колу шал болуп, ошондон кийин ал колу тамагын же суусундугун оозуна чейин көтөрө албай калат.

فوائد الحديث

Тамакты оң кол менен жеген важыб, сол кол менен жеген арам.

Шарият өкүмдөрүн аткарууда текеберлик кылуу, мындай кылган кишини жазага ылайык кылат.

Аллах Таала пайгамбарынын дубасын кабыл кылуу менен аны урматтайт.

Жакшылыкка үндөп, жамандыктан тыюуну бардык учурда аткаруу керек, атүгүл, тамактанган учурда да.

التصنيفات

Тамактануунун жана суусундук ичүүнүн адептери