إعدادات العرض
Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад анын элчиси экендигине…
Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад анын элчиси экендигине күбөлүк берүүгө, намаз окууга, зекет берүүгө, (башчыны) угууга жана баш ийүүгө, бардык мусулмандарга насаат кылууга ант-убада бердим
Жарир бин Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад анын элчиси экендигине күбөлүк берүүгө, намаз окууга, зекет берүүгө, (башчыны) угууга жана баш ийүүгө, бардык мусулмандарга насаат кылууга ант-убада бердим.
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Kurdî Kiswahili Português සිංහල Svenska ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Tiếng Việt پښتو অসমীয়া دری or Malagasy नेपाली Čeština Oromoo Română Nederlands Soomaali తెలుగు മലയാളം ไทย Lietuvių Српски Kinyarwanda Shqip ಕನ್ನಡ Wolof Українська Moore ქართული Magyarالشرح
Сахаба Жарир бин Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү иштерге ант-убада бергенин айтат: тавхидди карманууга, бир суткада күнү-түнү окулчу беш убак парз намазды, үрүкүн, ваажыб, сүннөттөрүн аткарып толук окууга, парз зекетти берүүгө, ал байлардан алынып, татыктуу кембагалдарга бериле турган мал-мүлккө тиешелүү ибадат, башчыларга баш ийүүгө жана бардык мусулмандарга насаат кылууга. Анткени насаат сөз менен жана амал менен болуп, ага пайдасын тийгизип, жакшылыкка жетүүсүнө, андан жамандыктын кетүүсүнө умтулуу менен болот.فوائد الحديث
Намаз менен зекет өтө маанилүү, булар экөө тең Ислам түркүктөрүнөн.
Насаат кылуу жана мусулмандардын ортосунда бири-бирине кеңеш берүү маанилүү иштерден. Ошон үчүн Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан ушуга ант-убада алган.
التصنيفات
Намаздын артыкчылктары