Силерден бирөөңөрдүн даараты бузулса, даарат алмайынча Аллах намазын кабыл кылбайт

Силерден бирөөңөрдүн даараты бузулса, даарат алмайынча Аллах намазын кабыл кылбайт

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Силерден бирөөңөрдүн даараты бузулса, даарат алмайынча Аллах намазын кабыл кылбайт".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаздын туура болуусунун бир шарты даарат экенин кабарлаган. Дааратты буза турган заңдоо, зааралоо, уктоо ж.б. иштердин бири болгондон кийин, намаз окумакчы болгон адам сөзсүз даарат алуусу зарыл.

فوائد الحديث

Даараты жок адам, эгер чоң дааратсыздыкта болсо, жуунуп тазаланмайынча, кичине дааратсыздыкта болсо даарат алмайынча окуган намазы кабыл болбойт.

Даарат бул, сууну алып оозуна уурттап, кайра чыгаруу, анан мурундун ичине сууну киргизип, кайра чыгарып, чимкирүү, андан кийин үч жолу бетин жуу, анан колун чыканактары менен бирге үч жолу жуу, анан башына толук бир жолу масх тартуу, акырында бутун томуктары менен бирге үч жолу жуу.

التصنيفات

Даарат алуу, Даарат алуу