Даарат алуу

Даарат алуу

1- Усман ибну Аффандын (Аллах андан ыраазы болсун) кулу Хумрон айтат: “Усман ибну Аффан (Аллах андан ыраазы болсун) даарат алганга суу алдырды да идиштеги суудан эки колуна куюп, колдорун үч жолу жууду. Андан кийин оң колу менен идиштен суу алып оозу менен мурдун чайкады. Андан соң бетин үч жолу жана колдорун чыканакка чейин үч жолу жууду. Андан кийин башына масх тартты да эки бутун үч жолудан жууду. Анан мындай деп айтты: “Мына мен ушундай даарат алганымдай Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даарат алып жатканын көрдүм”. Анан айтты: “Ким менин даарат алганымдай даарат алып, эч нерсени сүйлөбөй эки рекет намаз окуса, Аллах Таала анын өткөн күнөөлөрүн кечирет”.*@