Эгерде силердин бирөөңөр курсагындагы желдин чыкканын билсе жана андан жел чыктыбы же чыкпадыбы деп күмөн санаса, ал желдин үнүн укмайынча же жытын жыттамайынча…

Эгерде силердин бирөөңөр курсагындагы желдин чыкканын билсе жана андан жел чыктыбы же чыкпадыбы деп күмөн санаса, ал желдин үнүн укмайынча же жытын жыттамайынча мечиттен чыкпасын

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Эгерде силердин бирөөңөр курсагындагы желдин чыкканын билсе жана андан жел чыктыбы же чыкпадыбы деп күмөн санаса, ал желдин үнүн укмайынча же жытын жыттамайынча мечиттен чыкпасын".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындайча баяндады. Намаз окуган адамды курсагындагы жел экилентсе, ал курсагынан чыктыбы же чыкпадыбы деп шектенип калса, анда ал дааратын буза турган нерсе бар экенине б.а. желдин үнүн угуп, же жытын жыттап ынанмайынча, даарат алуу үчүн намазды токтотпосун жана бузбасын. Анткени анык болгон нерсе күмөн менен бузулбайт. Ал намаз окуучунун даараты бар экенини анык, бирок дааратынын бузулганында күмөн бар.

فوائد الحديث

Бул хадис Исламдын негиздеринин бири жана фикх эрежелеринин бири болуп саналат. Бул эреже: Анык болгон нерсе күмөн менен жок болбойт. Негизги принцип - башкасы анык болмоюнча, болгон нерсе ошол бойдон кала берет.

Күмөндөнүү даараттын бар экенине таасир этпейт. Намаз окуган адам дааратынын бузулганына анык билмейинче, анда даараты бар бойдон кала берет.

التصنيفات

Фыкх жана усулдук эрежелер, Фыкх жана усулдук эрежелер, Дааратты бузуучулар, Дааратты бузуучулар