Силердин бирөөңөр даарат алса, мурдуна суу алып, анан кайра чимкирсин. Аврет жерлерин тазаласа так санда тазаласын

Силердин бирөөңөр даарат алса, мурдуна суу алып, анан кайра чимкирсин. Аврет жерлерин тазаласа так санда тазаласын

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силердин бирөөңөр даарат алса, мурдуна суу алып, анан кайра чимкирсин. Аврет жерлерин тазаласа так санда тазаласын . Силерден бирөөңөр уйкудан ойгонуп турганда, даарат алчу сууна кол салбай туруп колун жууп алсын. Анткени, эч кимиңер колу кайда түнөп чыкканын билбейт". Муслимдин риваятында: "Силердин бирөөңөр уйкудан ойгонуп турганда, үч жолу жуумайынча колун идиштеги сууга сала койбосун. Анткени, ал колу кайда түнөгөнүн билбейт".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даараттын кээ бир өкүмдөрүн баяндаган, алар: Биринчиси: даарат алган кишиге мурдуна сууну тартуу, кийин кайра чимкирип чыгаруу зарыл. Экинчиси: заң чыккан жерин суу менен эмес, таш же ушул сыяктуу башка нерсе менен тазалаган адам так санда тазалайт. Анын азы үч, көбү чыккан нерсе жоголуп, ошол жай таза болгонго чейин. Үчүнчүсү: түнкү уйкудан турган киши колун идиштин сыртында үч жолу жуумайынча даарат алуу үчүн колун идиштеги сууга салбайт. Себеби, ал колу түндө кайсы жерде турганын билбейт. Ал ыплас болуп калуусу мүмкүн. Ага шайтан үйлөп коюусу жана да инсанга зыяндуу же сууну булгай турган нерсени салып коюусу мүмкүн.

فوائد الحديث

Дааратта истиншак кылуу важыб: ал мурунга абаны тартуунун жардамы менен суунун киргизүү.

Ошондой эле истинсар кылуу да важыб: ал абанын жардамы менен мурундан суунун чыгаруу.

Истижмарды, б.а. тазаланууну так санда кылуу жакшы.

Түнкү уйкудан турганда колду үч жолу жуу шарият кылынган.

التصنيفات

Ажет өтөөнүн адептери, Ажет өтөөнүн адептери, Даарат алуу, Даарат алуу, Уктоонун жана уйкудан туруунун адептери, Уктоонун жана уйкудан туруунун адептери