Мага мен аны аткарсам бейишке кире турган бир ишти көрсөтчү - деди. Ал: "Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кыласың, парз намаздарды окуйсуң, парз зекетти…

Мага мен аны аткарсам бейишке кире турган бир ишти көрсөтчү - деди. Ал: "Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кыласың, парз намаздарды окуйсуң, парз зекетти бересиң, Рамазанда орозо кармайсың" - деди.

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чөлдүк киши келип: Мага мен аны аткарсам бейишке кире турган бир ишти көрсөтчү - деди. Ал: "Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кыласың, парз намаздарды окуйсуң, парз зекетти бересиң, Рамазанда орозо кармайсың" - деди. Тиги киши: Жаным колунда турган Аллахка ант болсун, мындан ашыкча эч нерсе кылбаймын - деди. Ошентип ал ары кеткенде пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кимди бейиштик адамды көрүү кубандырса, анда тиги кишиге карасын" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Бейишке киргизе турган амалды көрсөтүп берүүсүн суранып пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир чөлдүк киши келди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага бейишке кирүү жана тозоктон кутулуу Исламдын түркүктөрүн аткарууда, Аллахка эч нерсени шерик кылбай, Анын Өзүнө ибадат кылууга байланыштуу экенин айтып жооп берди. Анын бири - Аллах Таала пенделерине ар бир күн-түнү окууну парз кылган беш убак намазды окуйсуң. Аллах сага берүүңдү милдет кылган мал-дүйнөнүн зекетин, татыктуу адамга бересиң. Рамазан айынын орозосун өз убагында кармайсың. Ошондо тиги киши: Жаным колунда турган Аллахка ант болсун, сен айткандан ашыкча ибадат кылбаймын жана мындан кем да кылбаймын дейт. Ошентип ал кеткенден кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Кимди бейиштин тургундарынан болгон адамды көрүү кубандырса, анда ушул чөлдүк кишиге карасын.

فوائد الحديث

Аллахка (динине) чакырууда эң биринчи аткарылуучу нерсе - ибадатты Жалгыз Аллах Таалага арноо.

Исламды жаңыдан кабыл алган адамга парз ибадаттарды үйрөтүү жетиштүү.

Аллах Таалага чакыруу баскыч-баскыч менен болуусу зарыл.

Адам дининин амалдарын үйрөнүүгө ынтызар болуусу зарыл.

Эгерде мусулман киши парз, милдеттерин гана аткарса (тозоктон) кутулат, бирок бул напилдерди жеңил саноо дегенди билдирбейт. Анткени, напил ибадаттар менен парздын кемчиликтери толукталат.

Кээ бир ибадаттын өзүн баса белгилеп айтуу, ошол ибадаттын маанилүү экенине далил болот, бул мындан башка ибадаттар милдеттүү болбойт деген сөз эмес.

التصنيفات

Илимдин жана илим алуунун адептери