Мусулман кабырда суралганда: "Лаа илаха иллаллаху Мухаммад расулуллохи

Мусулман кабырда суралганда: "Лаа илаха иллаллаху Мухаммад расулуллохи

Бараа бин Аазиб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мусулман кабырда суралганда: "Лаа илаха иллаллаху Мухаммад расулуллохи " деп күбөлүк берет. Аллах Тааланын: "Аллах Таала ыйандуу пенделерин бул дүйнөдө да, акыретте да бекем сөзгө туруктуу кылат" - деген аятында ушул айтылган" (Ибрахим, 27-аят).

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пенде кабырында сурак берет. Аны атайын ушул ишке дайындалган эки периште Мункар жана Накир сурак кылат. Алардын ушундай аталышы бир канча хадистерде келген. Ошондо ыймандуу адам: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси" деп күбөлүк берет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын төмөнкү аяты ушул жөнүндө экендигин айткан: "Аллах Таала ыймандуу пенделерди бул дүйнө жашоосунда да, акыретте да бекем сөзгө туруктуу кылат" (Ибрахим, 27-аят).

فوائد الحديث

Кабырда сурак болору - чындык.

Ыймандуу адамдарды дүйнөдө да, акыретте да туура сөзгө бекем, туруктуу кылганы бул - Аллах Тааланын жакшылыгы.

Тавхид келмеси жана өлүм алдында бул келмени айтып өтүү - улуу иштерден.

Аллах Тааланын ыймандуу адамды бул дүйнөдө бекем кылганы, анын ыйманын бекемдеп, туруктуу түз жолдо сактаганы, өлүм алдында келме менен алганы жана кабырда сурак периштелерге туура жооп бердиргени.

التصنيفات

Кабыр жашоосу