Эгерде адамдарга доомат артканы бериле берсе, анда адамдар башкалардын мал-мүлк, кан-жанын доомат менен талап кыла бермек. Андыктан доомат кылган киши күбө-далил…

Эгерде адамдарга доомат артканы бериле берсе, анда адамдар башкалардын мал-мүлк, кан-жанын доомат менен талап кыла бермек. Андыктан доомат кылган киши күбө-далил алып келиши керек. Ал эми дооматты четке каккан киши касам ичсе жетиштүү

Ибн Аббас (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эгерде адамдарга доомат артканы бериле берсе, анда адамдар башкалардын мал-мүлк, кан-жанын доомат менен талап кыла бермек. Андыктан доомат кылган киши күбө-далил алып келиши керек. Ал эми дооматты четке каккан киши касам ичсе жетиштүү".

[Сахих (ишенимдүү)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: эгерде адамдарга эч кандай күбө-далили жок эле алардын доомат кылган нерселери бериле берсе, анда алар башкалардын мал-мүлкүнө, кан-жанына доомат артып ала бермек. Ошон үчүн доомат кылган киши талап кылып жаткан нерсесине күбө-далил алып келиши керек. Эгер күбө-далил алып келе албаса, талаш доомат кылынып жаткан адамга каралат. Эгер ал аны четке какса, касам ичиши керек болот.

فوائد الحديث

Ибн Дакик ал-Айд айтат: "Бул хадис өкүм усулдарынын негизи жана талаш-тартыш жаралганда аны чечүүнүн эң негизги жолу".

Шарият адамдардын мал-мүлк, кан-жанын талап-тоноо, алдамчылыктан сактоо үчүн келген.

Казы өз билгенине таянып өкүм чыгарбайт, далилдерге таянып өкүм чыгарат.

Далили жок доомат кылган адамдын сөзү четке кагылат. Мейли ал укук маселесинде болсун, мейли мамиледе болсун, мейли ыйман жана илим маселесинде болсун.

التصنيفات

Дооматтар жана далилдер