إعدادات العرض
"Аны өлтүрбө. Эгер аны өлтүрсөң, ал сен аны өлтүрө электеги сенин ордуңда болуп, сен болсо ал жанагы сөзүн айта электеги анын ордунда болуп каласың" - деди
"Аны өлтүрбө. Эгер аны өлтүрсөң, ал сен аны өлтүрө электеги сенин ордуңда болуп, сен болсо ал жанагы сөзүн айта электеги анын ордунда болуп каласың" - деди
Микдад бин Амр Киндий (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Мен каапырлардын бири менен бет келип согушуп, ал менин бир колумду кылыч менен шылый чапса, анан дарактын артына жашынып алып: Мен Аллах үчүн Исламды кабыл кылдым - десе, мен аны өлтүрсөм болобу, оо, Аллахтын элчиси? Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Аны өлтүрбө" - деди. Ал: Оо, Аллахтын элчиси, ал менин колумду кыя чаап, колумду кесип таштагандан кийин айтып жатат да? - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аны өлтүрбө. Эгер аны өлтүрсөң, ал сен аны өлтүрө электеги сенин ордуңда болуп, сен болсо ал жанагы сөзүн айта электеги анын ордунда болуп каласың" - деди.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Kurdî Português සිංහල Nederlands অসমীয়া Tiếng Việt Kiswahili ગુજરાતી پښتو Oromoo አማርኛ ไทย Hausa Română മലയാളം नेपाली Deutsch Malagasyالشرح
Микдад бин Асвад (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурайт: согушта ал каапырлардын бирине бет келип, аны менен кылычташып, каапыр анын бир колун кылыч менен кыя чаап, анын качып барып дарактын артына жашынып: Лаа илааха иллаллааху деп келме айтса, аны өлтүрүү адал болобу? Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аны өлтүрбө" - дейт. Ал: оо, Аллахтын элчиси, ал менин бир колумду чаап салса да аны өлтүрбөймүнбү? - деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Аны өлтүрбө, анткени анын каны сага арам болду. Эгер ал исламга киргенден кийин сен аны өлтүрсөң, ал каны ислам менен корголгон сенин ордуңда болот. А сен болсо аны өлтүргөнүң үчүн өч алууга каны адал болгон адамдын ордунда болуп каласың - дейт.فوائد الحديث
Кимдин сөзү же кыймыл-аракети Исламды кабыл алганын көрсөтсө, аны өлтүрүү арам болот.
Эгер каапырлардын бири согуш учурунда Исламды кабыл алса, анын каны корголот. Аны кайра каапырлыгы анык болмоюнча өлтүрүүгө болбойт.
Мусулман адамдын каалоосу улутчулдугана жана кегине жараша эмес, шарияттын талабына жараша болууга тийиш.
Ибн Хажар минтип айткан: Окуя боло электе, анын болуу ыктымалдыгына жараша ал тууралуу суроого болот. Ал эми абалкы аалымдардын мындай нерсени суроо жакшы эмес деген пикири болуусу сейрек боло турган нерселерге карата айтылган. А адатта болуусу мүмкүн болгон нерсени билип алуу үчүн суроо шариятта тыюу салынган эмес.
التصنيفات
Ислам