إعدادات العرض
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге чыкты. Биз: О, Аллахтын элчиси, биз сага кантип салам айтканды үйрөндүк, ал эми салаватты кантип…
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге чыкты. Биз: О, Аллахтын элчиси, биз сага кантип салам айтканды үйрөндүк, ал эми салаватты кантип айтабыз?
Абдурахман бин Абу Лайла айтат: Мага Каъб бин Уъжра жолугуп: Сага бир белек берейинби? - деди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге чыкты. Биз: О, Аллахтын элчиси, биз сага кантип салам айтканды үйрөндүк, ал эми салаватты кантип айтабыз? - дедик. Ал: "Аллахумма солли алаа Мухаммад, ва алаа аали Мухаммад. Камаа соллайта алаа Иброхима, ва алаа аали Иброхим. Иннака хамидум-мажиид. Аллахумма баарик алаа Мухаммад, ва алаа аали Мухаммад. Камаа бааракта алаа Иброхима, ва алаа аали Иброхим. Иннака хамидум-мажиид, деп айткыла" - деди.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Português Kurdî සිංහල Русский Svenska ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Tiếng Việt Kiswahili پښتو অসমীয়া دری or Malagasy नेपाली Čeština Oromoo Română Nederlands Soomaali తెలుగు മലയാളം ไทย Српски Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Lietuvių Wolof Українська ქართული Moore Magyar Shqipالشرح
Аттахиятта ага: "Ассаламу алайка айюхан-набию ва рахматуллохи ва баракатух..." деп айтууну үйрөнгөндөн кийин, сахабалар пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кантип салават айтуу керектигин сурашат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга салават кандай айтыларын үйрөтөт. Анын мааниси мындай: "Аллахумма солли алаа Мухаммад ва алаа аали Мухаммад" Мааниси: Бийиктиктеги периштелерге аны жакшы сөздөр менен макта жана динде аны ээрчигендерди, жакындарынан ыймандуу болгондорду да (макта). "Камаа соллайта алаа аали Иброхима" Ибрахим жана анын үй-бүлөсүн, алар Ибрахим, Исмайил, Исхак, алардын урпактары жана алардын динин ээрчиген ыймандуулар, артык кылган сыяктуу, артыкчылыгыңды Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да бер. "Иннака хамидум-мажид" Мааниси: Затыңда, сыпатыңда жана кыймыл-аракетиңде макталгансың, улуктугуңда, башчылыгыңда жана берешендигиңде кененсиң. "Аллахумма баарик алаа Мухаммад, ва алаа аали Мухаммад, камаа бааракта алаа аали Иброхима" Ага жакшылык жана ыззаттын эң чоңун бергин, аны көбөйт жана түбөлүктүү кыл.فوائد الحديث
Абалкылар илимий маселелерди бири-бирине айтып белек кылышкан.
Намаздагы акыркы ташахудда пайгамбарга салават айтуу ваажыб.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына ага (өзүнө) салам жана салаватты кантип айтууну үйрөткөн.
Жогорудагы салават пайгамбарга айтылчу салаваттардын эң толугу.