إعدادات العرض
Кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын коргоосунда болот
Кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын коргоосунда болот
Жундуб бин Абдулла Аль-Касри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын коргоосунда болот. Ошондуктан Аллах силерден Өзүнүн коргоосундагы адам тууралуу эч нерсени талап кылбасын. Анткени Аллах кимден Өз коргоосундагы адам тууралуу бир нерсени талап кылса, анда Аллах ага сөзсүз жетет. Андан кийин аны бети менен тозоко ыргытат».
[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી Yorùbá Nederlands සිංහල Hausa دری Fulfulde Magyar ಕನ್ನಡ Lietuvių or Română Kinyarwanda Српски O‘zbek Moore नेपाली Wolof Soomaali Български Українська Azərbaycan ქართული тоҷикӣ Bambara Македонски Ελληνικά ភាសាខ្មែរ አማርኛ Malagasy Oromoo ไทย मराठी ਪੰਜਾਬੀ Lingala Italiano Yao kmr Akan Kirundiالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын сактоосунда, көзөмөлүндө жана коргоосунда болоорун кабарлап жатат. Аллах Таала аны душмандан сактайт жана аларга үстөмдүк кылат. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдат намазын калтырып же багымдат намазын окугандарга кол салып, аларга душмандык кылып, Аллах коргоосуна алган адам менен Аллахтын ортосундагы бул келишимди бузгандарга, аны жараксыз кылгандарга катуу эскертти. Анткени кимде-ким бул келишимди бузса, анда Аллахтын коргоосун бузган болот. Ал Аллахтын коргоосундагы адамдын акысына душмандык кылганы себептүү ал катуу азапка татыктуу болот. Аллах кимден Өз коргоосундагы адам тууралуу бир нерсени талап кылса, анда Аллах ага сөзсүз жетет. Андан кийин аны бети менен тозокко ыргытат».فوائد الحديث
Багымдат намазынын маанилүүлүгү жана анын пазилети баяндалды.
Багымдат намазын окугандар үчүн жамандык кылган адамдарга катуу азап болоорун эскертип жатат.
Аллахтын салих пенделерине душмандык кылгандардан Аллах алардын өчүн алып берет.
التصنيفات
Намаздын артыкчылктары