Бул Куранга бекем болгула, Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант ичип айтам, ал жибинен бошонгон төөдөн да ылдам чыгып кетет

Бул Куранга бекем болгула, Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант ичип айтам, ал жибинен бошонгон төөдөн да ылдам чыгып кетет

Абу Муса ал-Ашаринин (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Бул Куранга бекем болгула, Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант ичип айтам, ал жибинен бошонгон төөдөн да ылдам чыгып кетет".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды жаттап көкүрөккө киргизгенден кийин кайра унутуп калбоо үчүн Куранга бекем болууга, тилават кылып окууга көңүл бурууга буйруган. Курандын эстен бат чыгып кетерин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ант ичип бекемдеп айткан. Куран буту жип менен чидерленген төө бошонуп качып кеткенден да бат эстен чыгат. Ал төөнү адам караса кармап калат, бошотуп койсо качып кетет жана жоголот.

فوائد الحديث

Куранды жаттаган адам улам-улам аны окуп көңүл буруп турса, жүрөгүндо сакталган боюнча калат. Болбосо, эсинен чыгып, унутуп калат.

Куранды бекем кармоонун пайдаларынын бири: сооп-сый табат, кыямат күнү даражасы бийик болот.

التصنيفات

Куранга көңүл буруунун артыкчылыгы, Куранга көңүл буруунун артыкчылыгы