إعدادات العرض
Ыйман жетимиш канча, же алтымыш канча бутактан турат. Анын эң бийиги "Лаа илааха иллаллоох" сөзү, эң төмөнү жолдон зыяндуу нерсени алып таштоо
Ыйман жетимиш канча, же алтымыш канча бутактан турат. Анын эң бийиги "Лаа илааха иллаллоох" сөзү, эң төмөнү жолдон зыяндуу нерсени алып таштоо
Абу Хурайра (ага Алллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан: "Ыйман жетимиш канча, же алтымыш канча бутактан турат. Анын эң бийиги "Лаа илааха иллаллоох" сөзү, эң төмөнү жолдон зыяндуу нерсени алып таштоо .Уяттуулук да ыймандын бир бутагы".
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt Kurdî Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە සිංහල Hausa دری Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda नेपाली Српски Wolof Soomaali Moore Українська Български Azərbaycan ქართული тоҷикӣ bm Македонскиالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандын амалды, ишенимди жана сөздү ичине камтыган бир канча бутактары жана түрлөрү бар экенин кабарлады. Ыймандын түрлөрүнүн эң абзели: "Лаа илааха иллаллоох" келменин маанисин түшүнүү менен, талабын аткарып амал кылуу менен айтуу. Чынында, Аллах Таала ибадат кылууга татыктуу Жалгыз Кудай, Андан башка ибадатка татыктуу кудай жок. Ыймандын амалдарынын эң азы адамдарга зыянын тийгизе турган нерселерди алардын жолунан тазалап алып таштоо. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уяттуулук да ыймандын бир бөлүгү экенин айткан. Уяттуулук бул жаман ишти таштап, жакшы ишти кылууга түрткү болгон кулк-мүнөз.فوائد الحديث
Ыймандын биринен бири өйдө болгон даражалары бар.
Ыйман - бул тилде, амалда жана жүрөктө болот.
Аллах Тааладан уялуу деген - ал Сени тыйган жерде Аллах сени көрбөстүгү, сага буйруган иште Ал сени жоготпостугу.
Сандардын айтылуусу ушунча санда деген маани эмес, бул жөн эле ыйман амалдарынын көптүгүн билдирет. Арабтарда кайсы бир нерсеге санды айтышса, андан башка санды жокко чыгарбайт.
التصنيفات
Ыймандын көбөйүүсү жана азайышы