?Шайтан силердин бириңерге келип: «Баланчаны ким жаратты? Муну ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Акырында: «Раббиңди ким жаратты?» - деген азгырык суроо салат.…

?Шайтан силердин бириңерге келип: «Баланчаны ким жаратты? Муну ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Акырында: «Раббиңди ким жаратты?» - деген азгырык суроо салат. Эгерде кимдир бирөөгө мындай азгырык ойлор келсе, анда ал Аллахтан коргоо сурасын жана андай ойлонуусун токтосун

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Шайтан силердин бириңерге келип: «Баланчаны ким жаратты? Муну ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Акырында: «Раббиңди ким жаратты?» - деген азгырык суроо салат. Эгерде кимдир бирөөгө мындай азгырык ойлор келсе, анда ал Аллахтан коргоо сурасын жана андай ойлонуусун токтосун».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, шайтандын момунга салган азгырык суроолоруна кандай түрдө мамиле кылууну айтты. Шайтан адамга: «Муну ким жаратты? Тигини ким жаратты? Асманды ким жаратты? Жерди ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Ыймандуу адам ага шарият, таза табият жана акыл менен Аллах деп жооп берет. Бирок шайтан азгырууда бул чекте гана токтоп калбайт. Ал адамга: «Раббиңди ким жаратты?» - деген ойго чейин алып барат. Ошондо момун адам бул азгырыкты үч нерсе менен кайтарат: Аллахка ыйман келтирүү менен Аллахтан шайтандын азгырыгынан коргоону сурануу менен. Шайтандын салган азгырыктарын токтотуу менен.

فوائد الحديث

Шайтандын азгырыктарынан жана адамга салган азгырык ойлорунан баш тартуу жана алар жөнүндө ойлонбоо керек. Ошондой эле аларды кетирүү үчүн Аллах Таалага кайрылуу зарыл.

Адамдын жүрөгүнө шариятка карама-каршы келген ойлордун баары шайтандан.

Аллахтын заты жөнүндө ойлонуу тыюу салынган иштерден. Бирок Анын маклуктары жана аяттары жөнүндө ой жүгүртүүбүз керек.

التصنيفات

Улук, Кубаттуу Аллахка ыйман келтирүү, Ислам, Аллах Тааланын зикир кылуунун пайдалары