Жаным Анын колунда турганга (Аллахка) ант ичип айтам, силерге Марямдын уулу түшүп, адилеттүү өкүмдар болоруна аз калды. Ал крестти сындырат, чочкону өлтүрөт,…

Жаным Анын колунда турганга (Аллахка) ант ичип айтам, силерге Марямдын уулу түшүп, адилеттүү өкүмдар болоруна аз калды. Ал крестти сындырат, чочкону өлтүрөт, салыкты (жизя) жок кылат, мал-мүлк аябай көбөйүп, аны эч ким албай калат

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жаным Анын колунда турганга (Аллахка) ант ичип айтам, силерге Марямдын уулу түшүп, адилеттүү өкүмдар болоруна аз калды. Ал крестти сындырат, чочкону өлтүрөт, салыкты (жизя) жок кылат, мал-мүлк аябай көбөйүп, аны эч ким албай калат".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Марямдын уулу Иса пайгамбар адамдарга адилеттүү жана Мухаммаддын шарияты менен өкүм кылуу үчүн жерге түшөрүнө аз калганын Аллахтын аты менен ант ичип айткан. Ал христиандар ыйык санаган крестти сындырат. Иса пайгамбар чочкону өлтүрөт. Ал салыкты жок кылат, адамдардын баарын Ислам динине кирүүгө түртөт. Байлык көбөйүп, аны эч ким кабыл кылбай калат; бул байлыктын көптүгүнөн, ар ким өз колундагыдан башкага муктаж болбогондуктан, береке жааганынан жана катар-катар жакшылыктар болгондуктан улам.

فوائد الحديث

Иса пайгамбардын түшүүсүн бекемдөө, бул кыяматтын белгилеринен бири.

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шариятын башка шарият жокко чыгарбайт.

Акыр заманда мал-мүлккө береке түшөрү, адамдар ага кызыкпай топуктуу болуп калары анык.

Ислам дини түбөлүк калары тууралуу сүйүнчү айтылган, ал тургай Иса пайгамбар да акыр заманда Ислам менен өкүм кылат.

التصنيفات

Мурда өткөн пайгамбарлар жана элчилер (аларга тынчтык болсун), Биздин пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун), Кабыр жашоосу, Жалпы Ислам дини