إعدادات العرض
Жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк" деп үч жолу (айткан). Бизде бул (жоруму жаман ырымдар) бар, бирок тобокел кылуу менен Аллах…
Жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк" деп үч жолу (айткан). Бизде бул (жоруму жаман ырымдар) бар, бирок тобокел кылуу менен Аллах аны кетирет
Абдуллах бин Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк" деп үч жолу (айткан). Бизде бул (жоруму жаман ырымдар) бар, бирок тобокел кылуу менен Аллах аны кетирет.
[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt Hausa Kurdî Kiswahili Português සිංහල Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá ئۇيغۇرچە ไทย پښتو অসমীয়া دری or नेपाली Malagasy Kinyarwanda తెలుగు Lietuvių Oromoo Română മലയാളം Nederlands Soomaali Српски Українська Deutsch ಕನ್ನಡ Wolof Moore Shqip ქართული Azərbaycan Magyarالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) куш учуруудан (ырым кылуудан) катуу эскертип тыйган. Бул, уккан-көргөн нерсенин баарынан жаман жышаан издөө, мисалы: куштардан, айбанаттардан, майыптардан, сан-санактан, күндөрдөн ж.б. нерселерден. Ал эми куш учуруу деп баса берлгилеп айтканынын себеби, исламга чейинки доордо жоромол кылуунун ушул түрү өтө кенен жыйылган болчу. Мунун негизи мындай: Бирөө сапарга чыкмакчы болсо же соодо кылмакчы болсо, жа дагы башка бир ишке киришерде куш учуруп көрөт. Эгерде койо берген кушу оң тарапка учуп кестсе, аны жакшылыкка жоруп, ишине кирише берген. А эгер куш сол тарапка учуп кетсе, аны жамандыкка жоруп, баштай турган ишин кылбай токтотуп койгон. Мындай кылуу ширк экенин кабарлаган. Чынында, жаман жышаан издөө ширк. Анткени, жакшылыкты Аллах Таала гана берет, жамандыкты да бир гана эч шериги жок Жалгыз Аллах кетирет. Анан Ибн Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) кээде мусулман адамдын дилине деле мындай жамандыкка жоруу кылт этип келээрин, бирок аны Аллахка тобокел кылуу жана себептерин аткаруу менен жок кылуу керектигин эскерип өткөн.فوائد الحديث
Жамандыкка жоруу - ширк; анткени, мында жүрөк Аллахтан башкага байланып калат.
Журөктөргө жетип, бекем орун алуусу үчүн маанилүү маселенин кайра-кайра кайталап айтуунун зарылдыгы.
Жаман жышаан издеген (ишеним) ырымдарды Аллахка болгон тобокелчилик жок кылат.
Жалгыз Аллахка гана тобокел кылып, жүрөктү Ага байлоо керек.