إعدادات العرض
Силерден ким болбосун мусулман боордошуна жолукканда ага салам айтсын. Эгер ал экөө даракты, дубалды же чоңураак ташты эки жагынан айланып өтүп, кайра бирксе, дагы…
Силерден ким болбосун мусулман боордошуна жолукканда ага салам айтсын. Эгер ал экөө даракты, дубалды же чоңураак ташты эки жагынан айланып өтүп, кайра бирксе, дагы салам айтышсын
Абу Храйра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силерден ким болбосун мусулман боордошуна жолукканда ага салам айтсын. Эгер ал экөө даракты, дубалды же чоңураак ташты эки жагынан айланып өтүп, кайра бирксе, дагы салам айтышсын".
الترجمة
العربية Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tagalog Hausa Kurdî Kiswahili Português සිංහල Nederlands አማርኛ অসমীয়া Oromoo Tiếng Việt پښتو ગુજરાતી ไทย Română മലയാളം नेपाली Malagasy Deutschالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандарды бири-бирине жолуккан сайын салам айтууга үндөгөн. Ал тургай, экөө басып баратканда ортосун дубал, дарак же чоң таш сыяктуу бир нерсе ажыратып, кайра бириксе, дагы салам айтышы керек.فوائد الحديث
Саламды жайылтуу жана абал өзгөргөн сайын кайталап айтуу мустахаб.
Саламдашуу аркылуу мусулмандардын ортосунда махабат, ынтымак пайда болгондуктан, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) саламдашуу сүннөтүн жайылтууга аябай куштар болгон.
Алагач ирет жолукканда кол кармашып учурашкандан сырткары, салам деген: "Ассаламу алайкум" деп же "Ассаламу алайкум ва рахматуллахи ва баракатуху" деп айтуу.
Салам - бул, дуба. Кайра кайра кайталанса деле мусулмандар бири-бирине дуба кылууга муктаж.