?Аллах кимге жакшылык кааласа, анда ага сыноо жиберет

?Аллах кимге жакшылык кааласа, анда ага сыноо жиберет

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллах кимге жакшылык кааласа, анда ага сыноо жиберет».

[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эгер Аллах ыймандуу пенделеринин бирине жакшылык кааласа, анда аларды өздөрү, мал-мүлктөрү жана үй-бүлөлөрү менен сынаарын кабарлап кетти. Анткени Аллах аларга сыноо жөнөтүү менен ыймандуулар дуба кылып Аллах Таалага кайрылышат, алардын жаман иштеринин күнөөлөрү кечирилет жана даражаларды көтөрүлөт.

فوائد الحديث

Ыймандуу адам ар кандай сыноолорго кабылат.

Сыноолор Аллахтын пенделерине болгон сүйүүсүнүн белгиси болушу мүмкүн. Аллах аны менен пенделеринин даражасын, кадыр-баркын көтөрөт жана күнөөлөрүн кечирет.

Кыйынчылык болгондо сабырдуулукка жана дүрбөлөңгө түшпөөгө үндөө.

التصنيفات

Каза жана кадарга тиешелүү маселелер, Каза жана кадарга тиешелүү маселелер