إعدادات العرض
Эмизүү да төрөт (туугандык) арам кылган нерсени арам кылат
Эмизүү да төрөт (туугандык) арам кылган нерсени арам кылат
Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Эмизүү да төрөт (туугандык) арам кылган нерсени арам кылат".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Kurdî Português සිංහල دری অসমীয়া پښتو O‘zbek Tiếng Việt Македонски Kiswahili ភាសាខ្មែរ ਪੰਜਾਬੀ తెలుగు ไทย Moore አማርኛ Magyar Azərbaycan ქართული ಕನ್ನಡ ગુજરાતી Українська Shqip Kinyarwanda Српски тоҷикӣ Wolof Čeština தமிழ் नेपाली മലയാളം kmr ms Lietuviųالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тага, атасынын бир тууганы, өз бир тууганы сыяктуу текте жана бир туугандыкта арам кылган нерсени эмчектештик да арам кыларын айткан. Ошондой эле өкүмдөрдө бир туугандык адал кылган нерсени эмчектештик да адал кылат.فوائد الحديث
Бул хадис эмчектештиктин өкүмдөрүн камтыган эреже.
Ибн Хажар минтип айткан: "Эмчек эмүү бир туугандык (төрөт) кандай нерселерди арам кылса, ошол нерселерди арам кылат" дегени, эмчек эмүү айрым нерселерди адал кылат, айрымдарын арам кылат. Бул маселе нике жана ага байланыштуу өкүмдөрдө ижма (бүт мусулмандар бир пикирде болушу) менен белгиленген. Тактап айтканда, эмизилген наристе менен аны эмизген аялдын балдарынын ортосунда махрамдык өкүмдөрү пайда болот; Алар бир туугандардай болуп эсептелет, ошондуктан бири-бирине караса да болот, жалгыз калып сүйлөшсө да болот, бирге сапарга чыкса да болот. Бирок, эмчек эмизүүнүн натыйжасында төрөткө байланышкан калган өкүмдөр келип чыкпайт: Мурастан үлүш алуу, нафаканы (каржылык чыгымды) камсыз кылуу, кулду азат кылуу, күбөлүк берүү, кун (өч алуунун ордуна төлөнүүчү төлөм), касасты (кандан өч алуу) түшүрүү, ж.б.
Эмчектештикке тиешелүү болгон арам деген өкүм - түбөлүк арамдыкка кирет.
Башка хадисте эмүү себептүү махрам болуу үчун абалкы эки жылдын ичинде ачык беш жолу эмүү шарт экени айтылган.
Тек боюнча арам (махрам) болгондор: энелер, буга ата тарабынан да, эне тарабынан да өйдө карай чоң эне, таенелер кирет. Кыздар: буга кыздардын кыздары, балдардын кыздары, ылдый карай кете берет. Эже-карындаштар: ата менен эне тарабынан болсун, же экөөнүн бири тарабынан болсун айырмасы жок. Аммалар (атасынын эже-карындаштары): буга атасынын бир тууган жана башка бардык эже-карындаштары жана өйдө карай чоң аталарынын эже-карындаштары кире берет. Таежелер: буга энесинин бир тууган жана башка эже-сиңдилери, ошондой эле апа тарабынан жана ата тарабынан болгон чоң эне, таенелеринин эже-сиңдилери өйдө карай кире берет. Дагы бир тууган ага-инисинин кыздары, бир тууган эже-карындаштарынын кыздары жана төмөн карай булардын кыздары болуп уланып кете берет.
Эмүү себептүү махрамдар, теги жагынан арам болгондор эмчектештик жагынан да арам болот. Тек жагынан арам болгон аялдардын баары эмчектештик жагынан да арам болот. Болгону, эмчектештик жактан бир тууганынын энеси жана баласынын бир тууган эже-карындашы арам болбойт.
التصنيفات
Ризаъ (эмчектештик)