إعدادات العرض
Эгерде силерден кимдир бирөөнүн эшик алдында дарыя агып, анан ал ошол дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, анын денесинде кир калабы?
Эгерде силерден кимдир бирөөнүн эшик алдында дарыя агып, анан ал ошол дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, анын денесинде кир калабы?
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Эгерде силерден кимдир бирөөнүн эшик алдында дарыя агып, анан ал ошол дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, анын денесинде кир калабы?" Кирден эч нерсе калбайт - дешти (сахабалар). Ал: "Беш убак намаз да ушул сыяктуу, Аллах намаз аркылуу күнөөлөрдү жууйт" - деди.
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Português සිංහල Svenska ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Tiếng Việt Hausa Kiswahili پښتو অসমীয়া دری or Malagasy नेपाली Čeština Oromoo Română Nederlands Soomaali తెలుగు മലയാളം ไทย Српски Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Lietuvių Wolof Українська ქართული Moore Magyarالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күнүмдүк беш убак намазды майда күнөөлөрдү жана каталарды өчүрүүдө бирөөнүн эшигинин алдында агып жаткан дарыяга окшоштурган. Ал киши дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, денесинде эч кандай кир калбайт.فوائد الحديث
Бул артыкчылык майда күнөөлөргө эле тиешелүү, ал эми чоң күнөөлөргө тообо кылуу зарыл.
Беш убак намазды шарттары, үрүкүндөрү, ваажыбдары жана сүннөттөрү менен калтырбай толук аткаруу ушундай артыкчылыктуу иш.
التصنيفات
Намаздын артыкчылктары