إعدادات العرض
Балдарыңарды жети жашка чыкканда намаз окууга буйругула, он жашка чыкканда (окубаса, эскертүү үчүн акырын) ургула жана (кыз менен баланын) жаткан орундарын бөлгүлө
Балдарыңарды жети жашка чыкканда намаз окууга буйругула, он жашка чыкканда (окубаса, эскертүү үчүн акырын) ургула жана (кыз менен баланын) жаткан орундарын бөлгүлө
Амир бин Шуъайб атасынан чон атасынын айтканын минтип айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Балдарыңарды жети жашка чыкканда намаз окууга буйругула, он жашка чыкканда (окубаса, эскертүү үчүн акырын) ургула жана (кыз менен баланын) жаткан орундарын бөлгүлө".
[Хасан (жакшы)] [Абу Дауд жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Kurdî Português සිංහල Svenska ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá ئۇيغۇرچە Tiếng Việt Hausa Kiswahili پښتو অসমীয়া دری or Malagasy नेपाली Čeština Oromoo Română Nederlands Soomaali తెలుగు മലയാളം ไทย Српски Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Lietuvių Wolof Українська ქართული Moore Magyar Shqip Македонски Azərbaycanالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ата балдарын (уулбу, кызбы айымасы жок) жети жашында намазга буйруусун жана намаз окуу үчүн эмнени билиш керек болсо, аны үйрөтүү керектигин айткан. Ал эми он жашка чыкканда да намаз окубаса буйругандан сырткары уруу керектигин жана (ушул жашка чыккан уул бала менен кыз баланын) төшөгүн ажыратуу керектигин айткан.فوائد الحديث
Балдар балакат жаш курагына жеткенге чейин эле дин иштерин үйрөтүү зарыл, бул иштердин эң маанилүүсү - намаз.
Баланы уруу аны азаптоо эмес, ага адеп берүү үчүн, б.а. аны абалына жараша гана урат.
Шарият намысты сактоого жана бузукулукка алып бара турган бардык жолдорду тосууга көңүл бурат.