إعدادات العرض
Бетин тытып, жакасын айрып, караңгы доорго чакырып, кыйкыргандар бизден эмес
Бетин тытып, жакасын айрып, караңгы доорго чакырып, кыйкыргандар бизден эмес
Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Бетин тытып, жакасын айрып, караңгы доорго чакырып, кыйкыргандар бизден эмес".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Português Kurdî සිංහල Nederlands অসমীয়া Tiếng Việt Kiswahili ગુજરાતી پښتو አማርኛ ไทย Oromoo Română മലയാളം Deutsch नेपालीالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламга чейинки доордогу кээ бир иштерди аткаруудан тыйып, катуу эскертип, бул иштерди кылгандар бизден эмес деп айткан. Биринчиси: Беттин кырына ургандар. Беттин кыры деп айтканы беттин көп бөлүгүн түзгөнү үчүн, негизи беттин бардык бөлүгүнө уруп, тытмалоого тыюу салынган. Экинчиси: Кайгыдан улам кийимдин башын чыгара турган жерин, жакасын айрыгандар. Үчүнчүсү: Караңгы доордогудай амалдарды кылуу, мисалы, кошок, өкүрүк, ж.б. коштогон дубаларды кылуу.فوائد الحديث
Бул хадисте айтылган тыюу бул амалдар чоң күнөөлөрдөн экенине далил.
Кайгы-кысыретке сабыр кылуу важыб. Аллахтын тагдырына ачуулануу жана аны өкүрүк, кайгыруу, чачты жулуп, кийимди тытуу менен билдирүү арам иш.
Шарият тыюу салган карангылык доордогу жаман адаттарды кармануу арам.
Кайгырып, көздөн жаш чыгарып ыйлоо эч нерсе эмес, бул Аллахтын тагдыр-өкүмүнө сабырсыздык деп эсептелбейт. Бул Аллах Тааланын (каза болгон адамга) жакын, аны жакшы көргөн адамдардын жүрөгүнө салган ырайымы.
Мусулман адам Аллах Тааланын тагдыр-өкүмүнө ыраазы болушу керек. Эгер ыраазы болбосо да, ага сабыр кылуу важыб.
التصنيفات
Жахилиятка тиешелүү маселелер