إعدادات العرض
Раббиңерди ушул айды көрүп турган сыяктуу көрөсүңөр, Аны көрүүдө эч кыйналбайсыңар
Раббиңерди ушул айды көрүп турган сыяктуу көрөсүңөр, Аны көрүүдө эч кыйналбайсыңар
Жарир бин Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Биз Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында элек. Ал түнкү айга, тагыраак айтканда, толуп турган айга карап: " Раббиңерди ушул айды көрүп турган сыяктуу көрөсүңөр, Аны көрүүдө эч кыйналбайсыңар. Эгер күн батардагы жана күн чыгардагы намазга тоскоолдуктарды жеңе аласаңар, анда ушул эки намазды аткаргыла" - деди да, анан: "Күн чыгардан мурда жана күн батарда Раббиңе мактоо айтуу менен Аны аруула" деген аятты окуду.
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी বাংলা Kurdî Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் සිංහල မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá ئۇيغۇرچە Hausa دری or Kinyarwanda नेपाली Malagasy Română Lietuvių Oromoo Српски Nederlands Soomaali Українська ಕನ್ನಡ Wolof Moore ქართული Azərbaycan Magyar Tagalogالشرح
Бир түнү сахабалар Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге отурганда, ал он төртүнө толуп турган айга карап мындай дейт: Чынында ыймандуу пенделер Раббисин акыйкат, өз көздөрү менен эч шексиз көрүшөт. Аллах Тааланы көрүүдө аларда тыгын да, кыйынчылык да, чарчоо да болбойт. Андан кийин Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Эгер багымдат жана дигер намазынан силерди алагды кыла турган себептерди жогото алсаңар, анда ошондой кылгыла, бул эки намазга өз убагында жамаат менен окууга келгиле. Анткени бул Улук Аллах Тааланын жүзүн көрүүгө себеп болот. Андан кийин Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул аятты окуду: "Күн чыгардан мурда жана күн батарда Раббиңе мактоо айтуу менен Аны аруула".فوائد الحديث
Ыйман ээлерине бейиште Аллах Тааланы көрөрү тууралуу сүйүнчү кабар.
Бышыктап айтуу, кызыктыруу жана мисал келтирүү - булар, дааваттын услуб-ыкмаларынан.
التصنيفات
Акырет жашоосу