Дүйнө убактылуу ырахаттардан турат. Дүйнө ырахатынын эң жакшысы саалиха аял

Дүйнө убактылуу ырахаттардан турат. Дүйнө ырахатынын эң жакшысы саалиха аял

Абдуллах бин Амр (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Дүйнө убактылуу ырахаттардан турат. Дүйнө ырахатынын эң жакшысы саалиха аял".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул дүйнө андагы нерселер убактылуу пайдаланылып, анан жок болуп кете тургандыгын айткан. Ошол пайдалана турган нерселердин эң абзели салиха аял: күйөөсү анын жүзүнө караса кубантат, бир нерсеге буйруса баш ийет, күйөөсү жокто анын мал-мүлкүн жана өзүнүн абийирин таза сактайт.

فوائد الحديث

Дүйнө жашоосунда Аллах Таала адал кылган таза нерселерди ысырап кылбастан, текеберленбестен пайдаланууга уруксат.

Аял тандоодо салиха аялды тандоого кызыктыруу, анткени Раббисине таат-ибадат кылууда ал күйөөсүнө жардам берет.

Дүйнөдөгү убактылуу пайдалана турган нерселердин жакшысы Аллахка таат-ибадат кылган же таат-ибадат кылууга жардам берген нерсе.

التصنيفات

Аялдарга тиешелүү өкүмдөр