Күн чыгардан мурда жана Күн батардан мурда намаз окугандар тозокко кирбейт

Күн чыгардан мурда жана Күн батардан мурда намаз окугандар тозокко кирбейт

Абу Зухайр Умара бин Руайба (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Күн чыгардан мурда жана Күн батардан мурда намаз окугандар тозокко кирбейт".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип кабарлайт: багымдат жана дигер намаздарын такай калтырбай окуган адам тозокко кирбейт. Бул эки намазды баса белгилеп айткан себеби; бул намаздар окууга оор намаздар болуп эсептелет. Багымдат намазы уйку кызып, таттуу болгон учурда болот. Дигер намазы күндүзү иш кызып, эл алагды болгон учурга туш келет. Кимде-ким ушул эки намаздын машакатына чыдап такай окуп жүрсө, анда башка намаздарын да сактай алат.

فوائد الحديث

Багымдат жана Дигер намаздарынын артыкчылыгы. Бул эки намазды такай окуп жүрүү зарыл.

Кимде-ким бул эки намазды такай окуса, көбүнчө жалкоолуктан жана риядан оолак болуп, ибадат кылууну жакшы көрөт.

التصنيفات

Намаздын артыкчылктары