إعدادات العرض
Ким Исламда жакшылык кылса, жахилиятта кылган иши үчүн жазаланбайт, ал эми ким Исламда жүрүп жаман иштерди кылса, биринчи жана акыркысы үчүн жазаланат
Ким Исламда жакшылык кылса, жахилиятта кылган иши үчүн жазаланбайт, ал эми ким Исламда жүрүп жаман иштерди кылса, биринчи жана акыркысы үчүн жазаланат
Ибн Масуд, радыяллаху анху, айтты: Бир киши: Оо, Аллахтын Элчиси, жахилият кезинде кылган иштерибиз үчүн жазаланабызбы? - деп сурады. Анда Пайгамбарыбыз айтты: «Ким Исламда жакшылык кылса, жахилиятта кылган иши үчүн жазаланбайт, ал эми ким Исламда жүрүп жаман иштерди кылса, биринчи жана акыркысы үчүн жазаланат»
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية Kurdî English Kiswahili Español اردو Português বাংলা Bahasa Indonesia فارسی தமிழ் हिन्दी සිංහල Tiếng Việt മലയാളം Русский မြန်မာ ไทย پښتو অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە Türkçe Bosanski Hausa తెలుగు دری Ελληνικά Azərbaycan Български Fulfulde Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy or Română Kinyarwanda Српски тоҷикӣ O‘zbek नेपाली Moore Oromoo Wolof Tagalog Soomaali Français Українська bm Deutsch ქართული Македонски Magyar 中文الشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Исламга кирүүнүн пазилеттерин ачыктап айтып берди. Ошондой эле ким Исламды кабыл алып, такыба мусулман болуп, ыкластуу жана чынчыл болсо, анда жахилиятта кылган күнөөлөрү үчүн жооп бербейт. Ал эми ким Исламда жүрүп эки жүздүү болсо же динден чыгып кетсе, анда ал каапырлык кезинде кылган иштери үчүн жана Исламдагы кылган күнөөлөрү үчүн жооп берет.فوائد الحديث
Сахабалардан Аллах ыраазы болсун. Алар жахилият (1) учурунда кылган иш-аракеттеринен коркушкан жана ал иш-аракеттери аларды катуу ойлондурган.
Исламда бекем болууга чакыруу.
Исламга кирүүнүн пазилети жана ал мурунку жаман иш-аракеттерди жок кылат.
Исламдан чыккан адам жана мунафык жахилиятта мурда жасаган ар бир иши үчүн жана Исламда кылган ар бир күнөөсү үчүн жооп берет.