Чындыгында, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир парз намаздын аягында мындай деп айтчу: “Лаа илааха иллаллаху, уахдаху лаа шариика лаху, лахул мулку, уа…

Чындыгында, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир парз намаздын аягында мындай деп айтчу: “Лаа илааха иллаллаху, уахдаху лаа шариика лаху, лахул мулку, уа лахул хамду, уа хува алаа кулли шай ин Кадиир. Аллахумма лаа мааниьа лимаа аьтойта уа лаа муутиьа лимаа манаьта, уа лаа йанфаьу зал жадди минкал жадду

Аль-Мугира бин Шуъбанын катчысы Варраддан риваят кылынат. Ал мындай дейт: "Мугира бин Шуъба мага Муавияга жазган катында айтты: "Чындыгында, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир парз намаздын аягында мындай деп айтчу: “Лаа илааха иллаллаху, уахдаху лаа шариика лаху, лахул мулку, уа лахул хамду, уа хува алаа кулли шай ин Кадиир. Аллахумма лаа мааниьа лимаа аьтойта уа лаа муутиьа лимаа манаьта, уа лаа йанфаьу зал жадди минкал жадду".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир парз намаздын аягында мындай деп айтат эле: “Лаа илааха иллаллаху, уахдаху лаа шакиика лаху, лахул мулку, уа лахул хамду, уа хува алаа кулли шай ин Кадиир. Аллахумма лаа мааниьа лимаа аьтойта уа лаа муутиьа лимаа манаьта, уа лаа йанфаьу зал жадди минкал жадду". Мааниси: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деген тавхид сөзүн тастыктаймын жана аны моюнга алам. Мен чыныгы ибадатты Аллахка кыламын жана андан башкага ибадат кылууну жокко чыгарамын. Анткени Аллахтан башкага сыйынууга татыктуу кудай жок. Чыныгы жана толук башкаруу Аллахка гана таандык экенин тастыктаймын. Асмандар жана жердеги адамдардын бардык мактоолору Аллах Таалага таандык. Анткени Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү. Аллах эмне нерсени берүүнү же эмнени кайтарууну тагдыр кылса, аны эч ким кайтара албайт. Аллахтын алдында байдын байлыгы эч кандай пайда бербейт, бирок жакшы иш-аракеттер гана пайда берет".

فوائد الحديث

Намаздан кийинки бул зикирди айтуу сооптуу. Анткени анда тавхид жана мактоо сөздөрү бар.

Сүннөткө баш ийүүгө жана аны жайылтууга шашылуу керек.

التصنيفات

Намаздын зикирлери