إعدادات العرض
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүйүздүү эки ак кочкорду курмандыкка чалып, Аллахтын атын атап, такбир айтып, анан бутун кочкорлордун…
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүйүздүү эки ак кочкорду курмандыкка чалып, Аллахтын атын атап, такбир айтып, анан бутун кочкорлордун моюнуна такап туруп өз колу менен мууздады
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүйүздүү эки ак кочкорду курмандыкка чалып, Аллахтын атын атап, такбир айтып, анан бутун кочкорлордун моюнуна такап туруп өз колу менен мууздады.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Português മലയാളം Kurdî অসমীয়া Kiswahili አማርኛ Tiếng Việt ગુજરાતી Nederlands සිංහල پښتو ไทย नेपाली Malagasy Svenska Română తెలుగు ქართულიالشرح
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) курман айт күнү пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүйүздүү, бир аз кара аласы бар эки ак кочкорду курмандыкка чалганын айтат. Аларды мууздардан алдын: Бисмиллахи Аллаху Акбар деп, анан алардын моюнуна бутун такап туруп мууздайт.فوائد الحديث
Курмандык чалуу бардык мусулмандардын пикиринде шарият кызыктырган иштерден.
Курмандыкка чалына турган мал-жандыктын эң абзели пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) курмандык чалган кочкорлордой сыпаттагы кочкор. Анткени, мындай кочкордун көрүнүшү жакшы жана эт, майы да даамдуу болот.
Ан-Навави (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айткан: Ар бир адам курмандыкты өз колу менен чалганы абзел. Кандайдыр бир үзүр, себеп болсо гана ордуна башка бирөөнү дайындаса болот. Бирөөнү дайындаган учурда да анын мууздаганына өзүнүн күбө болгону жакшы. Ордуна мусулман адамды сурануу эч кандай талашы жок жарактуу иш.
Ибн Хажар минтип айткан: Курмандык чаларда Аллахты атоо менен бирге такбир айтуу мустахаб. Ошондой эле чалынып жаткан жандыктын моюнунун оң жагына бутту коюп туруп мууздоо да мустахаб. Ушундай кылганда союп жаткан адамга бычакты оң колуна алып, сол колу менен жандыктын башын кармап туруу ыңгайлуу болот.
Курмандыктын мүйүздүү болгону мустахаб. Бирок мүйүзү жок токол болсо деле курмандыкка жарай берет.