Чынында, жихаддын эң улугу - заалым падышанын алдында адилеттүү сөздү айтуу

Чынында, жихаддын эң улугу - заалым падышанын алдында адилеттүү сөздү айтуу

Абу Саид Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында, жихаддын эң улугу - заалым падышанын алдында адилеттүү сөздү айтуу".

[Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах жолундагы жихаддын эң чоң жана эң пайдалуу түрү - заалым падышага адилеттүү, ак сөздү тайманбай айтуу деп айткан. Анткени, ал жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу милдетин аткарат. Жаман иштен жакшы ишке кайтара турган сөзүн айтабы, кат жазып жибереби же иш-аракети менен көрсөтөбү айырмасы жок.

فوائد الحديث

Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюу - жихаддын бир түрү.

Башчыга насаат айтуу - жихаддын эң чоңу. Бирок аны илимдүүлүк, даанышмандык жана туруктуулук менен айтуу важиб.

Хаттаби минтип айткан: "Башчыга адилеттүү сөз айтуу жихаддын чоңу болуусунун себеби мындай; душманга жихад кылып чыккан адам үмүт жана коркунучтун ортосунда турат. Ал жеңерин да, жеңилерин да билбейт. Ал эми башчыга ак сөзүн айткан адам башчынын колунда турат. Башчыга акыйкатты айтып, жакшылыкка чакыруу менен өзүнө-өзү зыян кылып, өзүн жок кылып алуусу мүмкүн. Үмүткө караганда коркунуч басымдуу болгону үчүн жихаддын эң чоңу болуп эсептелет. Жихаддын эң чоңу болуусуна дагы бир себеп; эгерде башчы анын айткан сөзүн кабыл кылса, анын пайдасы өтө көп адамга тийип, оңолууга жол ачат.

التصنيفات

Жакшылыкка буйруп жамандыктан тыюунун артыкчылыгы