إعدادات العرض
Эч кимиңер заара кылганда мүчөсүн оң колу менен кармабасын. Даарат ушатканда оң колу менен тазалабасын. Ичкенде идиштин ичине демин чыгарбасын
Эч кимиңер заара кылганда мүчөсүн оң колу менен кармабасын. Даарат ушатканда оң колу менен тазалабасын. Ичкенде идиштин ичине демин чыгарбасын
Абу Катада (ага Аллах ыраазы болсун) айат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эч кимиңер заара кылганда мүчөсүн оң колу менен кармабасын. Даарат ушатканда оң колу менен тазалабасын. Ичкенде идиштин ичине демин чыгарбасын".
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी සිංහල Hausa Português Kurdî Kiswahili دری অসমীয়া ไทย Tiếng Việt አማርኛ Svenska Yorùbá ગુજરાતી नेपाली Oromoo മലയാളം Română Nederlands Soomaali پښتو తెలుగు Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Malagasy Српски Moore ქართულიالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кээ бир адептерди баяндаган; заара кылган учурда мүчөсүн оң кол менен кармоодон тыйды. Алды жагын, арты жагын оң кол менен тазалоодон тыйды. Анткени, оң кол жакшы иштерди кылууга дайындалган. Ошондой эле суусундук ичкен идиштин ичине демин чыгаруудан тыйган.فوائد الحديث
Ислам дининин адепте жана тазалыкта алда канча алдында экендиги баяндалды.
Ыплас нерселерден этият болуу керек. Эгер тазалоо зарылдыгы болсо, сол кол менен тазалоо керек.
Оң тараптын шарапаттуулугу жана сол тараптан артыкчылыгы бар экени айтылган.
Ислам шариятынын толуктугу жана анын таалим-тарбиясынын ар тараптуулугу айтылган.