Салих жана жаман адам менен отуруунун мисалы, атыр саткан жана көөрүк үйлөгөн адам менен отуруу сыяктуу.

Салих жана жаман адам менен отуруунун мисалы, атыр саткан жана көөрүк үйлөгөн адам менен отуруу сыяктуу.

Абу Муса Ашари (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Салих жана жаман адам менен отуруунун мисалы, атыр саткан жана көөрүк үйлөгөн адам менен отуруу сыяктуу. Атыр саткан адам: же ал сага атырын белек кылат, же сен андан сатып аласың, же жок эле дегенде анын жыпар жыты келип турат. Көөрүк үйлөгөн адам: же ал сенин кийимиңди күйгүзөт, же андан жагымсыз жытты табасың".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки түрдүү адамды мисал келтирди: Биринчиси: Сөзгө ынак адам жана салих дос, ал Аллахка жана Аллах ыраазы боло турган иштерге багыт берет, Ага баш ийүүгө түрткү болот. Ал атыр саткан адамга окшош, сага атыр бериши мүмкүн, же сен андан атыр сатып аласың, же сен анын жыпар жытын жыттайсың. Экинчиси: Жаман жолдош же табакташ. Ал Аллахтын жолунан тыят, күнөө иштерди кылууга түрткү болот. Андан жаман иштерди гана көрөсүң, өзү сыяктуу сенден да жаман иштерди кылууну талап кылат. Ал көөрүк менен отту кызыткан темир уста сыяктуу. Анын учурган учкунуна кийимиңди күйгүзөсүң, же андан жаман жытты жыттайсың.

فوائد الحديث

Угуучуга маани түшүнүктүү болуусу үчун мисалдарды келтирүүгө болот.

Ибадатчыл, салих адамдар менен отуруу. Бузукулардан жана жаман мүнөздүүлөрдөн алыс болуу зарыл. Хадис ушуга үндөп, кызыктырган.

التصنيفات

Салихтердин абалдары, Күнөөлөрдүн жамандыгы