Эй, адамдар, динде аша чаап кетүүдөн сактангыла. Анткени, силерден мурдагылар динде аша чапканы үчүн кыйрап жок болгон" - деди

Эй, адамдар, динде аша чаап кетүүдөн сактангыла. Анткени, силерден мурдагылар динде аша чапканы үчүн кыйрап жок болгон" - деди

Ибн Аббас (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Акабада таша ата турган күнү эртең менен төөсүнө минип бара жатып Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мага таш алып берчи" - деди. Мен ага манжалары менен ыргыта тургандай жети таш алып бердим. Ал таштарды алаканына салып: "Ушундай (кичинекей) таштар менен (шайтанды) аткыла"- деди. Анан: "Эй, адамдар, динде аша чаап кетүүдөн сактангыла. Анткени, силерден мурдагылар динде аша чапканы үчүн кыйрап жок болгон" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Ибн Маажа жазып калтырган.]

الشرح

Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун), коштошуу ажылыгында, курбандык күнү эртең менен Акабада таш атууга пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге барганын айтат. Аны жерден шайтанга атчу таштардан алып берүүгө буйруйт. Ал жети таш алып берет. Анын ар бири мысыр буурчагы же фундук көлөмүндө болчу. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларды колуна алып, ары-бери кыймылдатып, анан мындай дейт: Атканда ушундай өлчөмдөгү таштар менен аткыла. Андан кийин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дин иштеринде аша чабуудан, оорлотуудан жана чектен чыгуудан тыйып эскертти. Анткени, өткөн үммөттөрдөн (кээ бири) динде чектен чыкканы жана ыгы жок оорлоткону үчүн кыйрап жок болгон.

فوائد الحديث

Динде чектен чыгуудан тыйган жана анын жаман акыбетин баяндаган. Ал кыйрап жок болууга себеп болот.

Алар кетирген катадан сактануу үчүн бизден мурда өткөн үммөттөрдөн этибар, сабак алуу (зарыл).

Сүннөттү бекем кармоого үндөө.

التصنيفات

Жахилиятка тиешелүү маселелер