إعدادات العرض
Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамга (ат-күлүгүн, курал-жарагын, азык-түлүгүн) даярдап берсе, казатка чыккандай сооп алат. Кимде-ким Аллах жолуна казатка…
Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамга (ат-күлүгүн, курал-жарагын, азык-түлүгүн) даярдап берсе, казатка чыккандай сооп алат. Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамдын үй-бүлөсүнө жакшылык кылып каралашса, казатка чыккандай сооп алат
Махмуд бин Лабид (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамга (ат-күлүгүн, курал-жарагын, азык-түлүгүн) даярдап берсе, казатка чыккандай сооп алат. Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамдын үй-бүлөсүнө жакшылык кылып каралашса, казатка чыккандай сооп алат".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Kurdî Kiswahili Português සිංහල አማርኛ অসমীয়া Tiếng Việt ગુજરાતી Nederlands پښتو नेपाली ไทย മലയാളം Svenska Română Malagasy ಕನ್ನಡ Српски తెలుగు ქართული Mooreالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах жолунда казатка чыккан адамдын сапарга керектүү каржыларын, курал-жарагын, азык-түлүгүн ж.б. камдап берген адам, казатка чыккандын өкүмүндө болуп, казатка чыккан адамдай соопко ээ болот. Ошондой эле казатка чыккан адамдын үй-бүлөсүнө жардам берип, ал казаттан келгенче каралашкан адам да казатка чыккандын өкүмүндө болот.فوائد الحديث
Жакшылык иште жардам берүү зарыл.
Ибн Хажар минтип айткан: Бул хадисте мусулмандар үчүн пайдалуу иш кылгандарга жана алардын кайсы бир милдеттүү ишин аткарууга чыккандарга жакшылык кылып жардам берүүгө үндөйт.
Жалпы эреже: Кимде-ким Аллахка таат-ибадат кылган адамга жардам берсе, ошол адам сыяктуу соопко ээ болот. Мындан тигинин сооп-сыйы кемип калбайт.
التصنيفات
Жихаддын артыкчылыгы