إعدادات العرض
Келечекте силер алардын кээ бир ишине ыраазы болуп, кээ бир ишинен кайтара турган башчылар чыгат. Ким алардын жаман ишин (жүрөгү менен) жактырбаса, (күнөөдөн же эки…
Келечекте силер алардын кээ бир ишине ыраазы болуп, кээ бир ишинен кайтара турган башчылар чыгат. Ким алардын жаман ишин (жүрөгү менен) жактырбаса, (күнөөдөн же эки жүздүүлүктөн) кутулат. Ким аларды (тили же колу менен) кайтарса, алар менен чогуу болуудан өзүн куткарат. Бирок (алар менен күнөө жана азапта бирге болот) ким аларга ыраазы болуп, ээрчисе
Ыймандуулардын энеси Умму Салама (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан: "Келечекте силер алардын кээ бир ишине ыраазы болуп, кээ бир ишинен кайтара турган башчылар чыгат. Ким алардын жаман ишин (жүрөгү менен) жактырбаса, (күнөөдөн же эки жүздүүлүктөн) кутулат. Ким аларды (тили же колу менен) кайтарса, алар менен чогуу болуудан өзүн куткарат. Бирок (алар менен күнөө жана азапта бирге болот) ким аларга ыраазы болуп, ээрчисе ". "Аларга каршы чыгалыбы?" - дешти. "Жок, намаз окушса (аларга каршы чыкпагыла)" - деди.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá සිංහල தமிழ் ไทย دری or Kinyarwanda नेपाली Română Malagasy Lietuvių Oromoo Nederlands Soomaali Српски Українська ಕನ್ನಡ Wolof Moore ქართული Azərbaycan Magyarالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келечекте бизге чыга турган башчылар жөнүндө кабар берген. Алардын кээ бир иштери шариятка дал келгендиктен аларды аткарабыз. Кээ бир иштери шариятка каршы келгендиктен, аларды аткарбайбыз. Ким туура эмес ишти кайтарууга кудурети жетпегендиктен жүрөгү менен жек көрүп, четке какса, ал күнөөдөн жана эки жүздүүлүктөн кутулат. Ал эми колу же тили менен кайтарууга кудурет жетип аларды кайтарса, күнөөдөн жана аларга шериктеш болуп калуудан саламат болот. Ал эми ким аларга ыраазы болуп, алардын жаман иштерин кошо аткарса, алар туш болгон азапка туш болот. Ошенткенде сахабалар: "Ушундай сыпаты бар башчыларга каршы чыгалыбы?" деп сурашты. Аларды андай кылуудан тыйып: "Жок, араңарда намаз окуп турушканда (аларга каршы чыкпагыла)" - деди.فوائد الحديث
Келечектеги кайып иштердин кабарын берип, кийин ошол иштердин болуусу - бул, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгына далил болгон иштердин бири.
Шариятка каршы келген ишке ыраазы болууга жана ага шериктеш болууга болбойт, тескерисинче, андан кайтаруу ваажыб.
Эгерде башчылар шариятка каршы келген жаңы бир ишти пайда кылса, андай иште аларга баш ийүүгө болбойт.
Мусулман башчыларга каршы чыгууга болбойт; мындан баш аламандык, кан төгүлүү, бейпилсиздик пайда болуусу мүмкүн. Күнөөкөр башчылардын туура эмес иштерине чыдоо жана алардын ыза-кордугуна сабыр кылуу кан төгүлүү ж.б.у.с. жамандыктардан жеңил.
Намаздын орду жогору, ал каапырлык менен Исламды ажыратып турат.
التصنيفات
Имамга каршы чыгуу тууралуу