Имамга каршы чыгуу тууралуу

Имамга каршы чыгуу тууралуу

3- Кимде-ким (башчыларга) баш ийүүсүнөн тайып, жамааттан бөлүнүп өлсө, ал жахилияттын өлүмү менен өлөт. Ким сокур желектин астында согушса, уруусу же улуту үчүн өзгөчө катуу берилип ачууланса, же улутчулдукка чакырса, же аларга жардам берип жүрүп өлсө, анда жахилият өлүмү менен өлөт. Ким менин үммөтүмө каршы чыкса, салихине да, бузукусуна да сокку урса жана ыймандууларды (өлтүрүү азабынан) коркпосо жана анын убадасын аткарбаса, анда ал менден эмес жана мен андан эмесмин