إعدادات العرض
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, биз кыйынчылыкта да, жеңилдикте да, даяр турганыбызда да, жактырбай турганыбызда да (башчыны) угуп, моюн сунууга,…
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, биз кыйынчылыкта да, жеңилдикте да, даяр турганыбызда да, жактырбай турганыбызда да (башчыны) угуп, моюн сунууга, бизге каршы терс таасир этсе да жана бир иште алар менен талашып-тартышпашыбызга жана кайда болсок дагы Аллахтын ыраазычылыгы үчүн айыптоочунун жемелөөсүнөн коркпой чындыкты айтууга байъат (2) бердик
Убада бин Ас-Самит, радыяллаху анху, айтты: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, биз кыйынчылыкта да, жеңилдикте да, даяр турганыбызда да, жактырбай турганыбызда да (башчыны) угуп, моюн сунууга, бизге каршы терс таасир этсе да жана бир иште алар менен талашып-тартышпашыбызга жана кайда болсок дагы Аллахтын ыраазычылыгы үчүн айыптоочунун жемелөөсүнөн коркпой чындыкты айтууга байъат (2) бердик".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands සිංහල Hausa ไทย دری Lietuvių Kinyarwanda नेपाली Malagasy Italiano or ಕನ್ನಡ Oromoo Română Soomaali Српски Wolof Українська Moore Azərbaycan ქართული Magyarالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жеңил жана оор шарттарда, байыган кезде жана жакырчылыкта башчыларга жана өкүмдарларга моюн сунуу үчүн сахабалардан келишимдерин жана убадаларын алды. Ал башчылардын буйруктары напси жактырган нерседе болобу же жек көргөн нерседе болобу, мейли алар элдин акчасы менен, мансап же андан башка нерселер менен элди башкарып, көзөмөлдөп турса дагы, аларды угуу, аларга баш ийүү важиб. Адамдар аларга каршы көтөрүлүшкө чыгышпасын. Анткени алар менен күрөшүүдөгү фитна жана бузукулук алардын зулуму себептүү болгон бузукулуктан да чоң жана зыяндуу. Алар айыптоочулардан коркпой, Аллахка чын ыкластуу болуп, каалаган жерде чындыкты айтууга убада кылышкан.فوائد الحديث
Башчыларды угуунун жана моюн сунуунун пайдасы – мусулмандарды бириктирүү жана бөлүнүүнү таштоо.
Кыйынчылыкта да, жеңилдикте да, даяр турган абалда да, жактырбай турган абалда да, терс таасир этип каршы өкүм кылса да башкаруучуну угуу жана ага баш ийүү важиб.
Кайсыл жерде болсок дагы Аллах үчүн айыптоочунун жемелөөсүнөн коркпой чындыкты айтуубуз важиб.